super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "А балким..." ырынын клибинде эки жаштын күнүмдүк жашоосун чагылдырдык" дейт ырчы Гүлжигит Сатыбеков

 

"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 30-январда Гүлжигит Сатыбековдун "А балким..." ырынын клиби менен толукталды. Ырчы жаңы клип тууралуу буларды билдирди:

"Алгач балет бийчилерин бийлетип, мен ырдап жатканымды кошуп тартып коёлу дегенбиз. Бирок аны өзгөртүп, башкачараак кылып тарттык. Клипте бир үй-бүлөнүн же сүйүшкөн эки жаштын күнүмдүк жашоосу, бири-бирине болгон сүйүү мамилелери, таарынычтары көрсөтүлөт. Тагыраагы, экөөнүн жашоосу камтылган деп айтууга болот.

Кастинг аркылуу балет бийчилерин тандап алдык. Студияны даярдап, өзүбүз да даярданып отуруп клипти бир күндө тартып бүттүк. Башка да көптөгөн кадрлар бар болчу, бирок аларды кошкубуз келген жок. Жөнөкөй клип катары калтырууну чечтик. Жыйынтыгы жакшы болду деп ойлойм, клип өзүмө да жакты".

Ырчы клипти режиссёр Нурсултан Кубатов тартканын, идеясы да ага таандык экенин кошумчалады.

Гүлжигит Сатыбековдун "А балким..." ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.01.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элестетип жатам куйоомду бутум менен аркасына тээп атам жаткыра чабат го
30.01.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xaxaxaxaxaxa
30.01.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guljigit dailgo
30.01.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигиттин ырлары аябай оор уккан кулакка сине турган ырлар да, молодец чыгармачылык ийгилик.
31.01.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студия жакшы жазалыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: