super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: Америкалык ырчы Жастин Тимберлейк 36 жашка толду

 
Жубай Жессика Бил менен

Америкалык ырчы, актёр Жастин Тимберлейк 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 31-январда АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында туулган. Эс тартып калган кезинен эле Майкл Жексонду кумир тутуп, анын ырларына кызыккан. Ал эми 11 жаш курагында "Жылдыздарды издейбиз" жаш таланттар сынагына катышып, эл алдына чыгуу сапарынын алгачкы кадамын таштаган. Андан көп узабай эле ар кандай телешоу программаларына чакыруулар келип, жаш экенине карабай Уолт Диснейдин "Микки Маус" балдар клубунда иштеген. Бритни Спирс, Кристина Агилера, Жошуа Скотт Чавестер сыяктуу келечектеги кесиптештери жана атактуу ырчылар менен дал ушул жерден таанышкан.

14 жашында жаңы түзүлүп жаткан топко кабыл алынган. Анын курамына Жастин курактуу 5 бала кирип, алардын аттарынын акыркы тамгаларын кошуп топту "N SYNG" деп аташкан. Алардын эмгегинен жаралган алгачкы ыр жыйнакты дагы "N SYNG" деген аталышта чыгып, топтогу балдар тез эле эл сүйүп уккан ырчыларга айланышкан. Көпчүлүк мектеп жашындагы дүйнө жылдызы Жастинди "Сулуу жигит", "Тармал чач" деген ат менен таанышкан. 1990-жылдардын аягында ал эң популярдуу ырчылардын катарына кошулуп, 2002-жылы жеке карьерасы үчүн иштөөнү чечкен.
2002-жылы өзүнүн алгачкы "Негизделген" аттуу ыр жыйнагын жараткан. Андагы "Көз жашка толгон дарыя" чыгармасы менен MTV музыкалык каналы уюштурган Европа ырларына сыйлык тапшыруу аземинде "Эң мыкты альбом", "Эң мыкты аткаруучу" жана "Эң мыкты поп-ырчы" деген наамдардын ээси болуп кайткан.

Ал эми актёрдук карьерасына кайрылсак, кичине кезинен эле майда эпизоддордо ойной баштаган. Көзгө кө­рүнүктүү ролдорун "Эдисон" триллеринде, 2006-жылы чыккан "Альфа ити" драмасында, "Түштүктөгү өрөөн" мюзиклинде жараткан.

Жеке жашоосу

1997-жылдан 2002-жылга чейин ырчы Бритни Спирс менен сүйүү мамилесинде болгон. 2003-жылы актриса Камерон Диас менен мамиле куруп, 2007-жылдын башында түгөйлөр ортосундагы байланыштын үзүлгөнүн айтышкан. Ошол эле жылы актриса Жессика Бил менен таанышып, 2012-жылы күзүндө ага баш кошкон. 2015-жылы жазында жылдыздуу түгөйлөр Сайлас Рэндалл Тимберлейк аттуу уулдуу болушкан.

31-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.01.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы Время деген кинодо ойнойт беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: