ЖЫЛНААМА, 1-ФЕВРАЛЬ: Туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Данияр Эрматов: "Досторум күтүүсүздөн куттуктап, сюрприз жасашты"



Бүгүн ырчы Данияр Эрматов туулган күнүн белгилеп жатат. Өздүк майрамы менен ырчыны биринчилерден болуп шоу-бизнес айдыңындагы достору куттукташты. "Негизи эле бир тууганымдай жакшы көргөн досторум болчу. Бүгүн андан да жакын болушту. Мага өзгөчө сюрприз жасадыңар, эч качан унутпайм. Менин бул дүйнөгө жаралышыма себепкер болгон ата-энемди куттуктайм!" - дейт Данияр Эрматов.
Данияр Эрматов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында 1989-жылы 1-февралда туулган. Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун бажы бөлүмүндө билим алган. "Жүрөгүм", "Жалгызым", "Токто, жаным", "Неге?", "Кечир мени" жана башка популярдуу ырлардын автору. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлукту да аркалап келет. "Салам, Бишкек!" аттуу тасмасынын продюсери болсо, "Салам, Бишкек-2" тасмасында роль жараткан.
1-февралга карата жылнаама.



Бүгүнкү туулган кунун мн куутуктаймын
Сага кааларым чын Дэн соолук узун өмүрн бакыт таалай. Кааламын
Дайыма ата эненди сыйлап жургун