super.kg logo

Кыргыз элинин салттуу билимдерин сактап, жайылтууга багытталган "Кыздын кийими" республикалык сынагы өтөт

 

Кыргыз элинин көчмөн турмушуна тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган "Кийиз дүйнө – көчмөн руху" долбоорунун алкагында студенттер арасында "Кыздын кийими" республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулар билдиришти.

Сынактын максаты - кыргыз элинин салттуу кийимдерин жайылтуу, баркын көтөрүү, салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен жаштар ортосунда байланыш түзүү, студенттердин салттуу билимдер жана нукура ыкмалар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

Сынакка Кыргыз өлкөсүндөгү бардык көркөмдөө, тигип-бычуу кол өнөрчүлүк окуу жайларынын студенттери катыша алышат. Анда ар бир катышуучу бир кыздын (7 жаштан 13 жашка чейин) толук кийимин тигип чыгышы зарыл. Кийимдин бычылуусу жана тигилүүсү ХIХ кылымдын аягы жана ХХ кылымдын башындагы салттуу ыкмада болуп, синтетикалык кездемелер, даяр желим жана башка заманбап кооздуктар колдонулбашы керек. Катышуучулар калыстар тобуна кийимди тигүүдө колдонулган маалыматтары, тарыхый булактары жөнүндө айтып беришет.

Сынакка катышуучулар 20-февралга чейин катталышы абзел. Ал эми 2017-жылдын 4-март күнү "Кыздын кийими" республикалык сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: