super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эх, байке" клибине жаш жигит тартылса, түрдүү сөздөр айтылышы мүмкүн эле" дейт "Кыз-Бурак" тобунун ырчысы

 

"Кыз-Бурак" тобунун "Эх, байке" ырынын клиби 2016-жылдагы мыкты делген клиптердин катарын толуктаган. Аталган топтун ырчысы Азалия клип жөнүндө буларды билдирди:

"Бул ырды аткарып чыгууну 2 жылдан бери ойлонуп келген элек, буйрук экен, 2016-жылы ырдап, ага клип тарттырдык. Клиптин идеясы өзүбүзгө таандык. Анда Кыргыз жериндеги жай мезгилинин, Ысык-Көлдүн кооздугу чагылдырылган. Официант кыздардын образындагы кечеде болгон учурду 2 жолу тарттык, себеби биринчи тартылганы өчүп кетиптир. Анан модель кыздарды чакырып, баарын кайра башынан тартууга туура келди. Көп эле кыйынчылыктар болду, бирок мээнетибиз текке кетпей, күйөрмандардан жакшы пикирлерди угуп жаттык. Бул да болсо режиссёр Нурсултан Кубатовдун эмгеги. Ошондуктан ага да ыраазычылыгыбызды билдире кетейин".

"Эмне үчүн ырчы Замир Мырзаны башкы каарман катары тандап алдыңыздар?" деген суроого Азалия мындай жооп узатты:

"Ырдын аты "Эх, байке" деп аталып турбайбы. Андыктан бизден уулу, үй-бүлөлүү, кыргыз элине белгилүү инсан деп ырчы Замир байкени тандап алдык. Эгерде жаш жигит болсо, анда эл арасында дагы ар түрдүү сөздөр айтылышы мүмкүн эле".

"Кыз-Бурак" тобунун "Эх, байке" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Обу жок клиптердин катарын толуктайт
01.02.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын ырчымын дегендер бир аз ойлонуп суйлосонорчу озунон жаш жигитти кайсы олкодо байке дейт экен анан.
02.02.2017. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замир байкенер жагат просто адам катары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: