super.kg logo
  Саясат  

Мира Карыбаева президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды

 

Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 2-февралда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Мира Карыбаева Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ошондой эле президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Мира Карыбаева 1967-жылы 28-октябрда Бишкек шаарында туулган. Саясат, дин, этностор аралык мамилелер тууралуу 14 илимий басылманын автору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: