super.kg logo

Согуштун ардагерлерине бекер кызмат кылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөткөн "Жорго" компаниясы

 

Өткөн айда бир топ убакыттан бери Токмоктогу балдар үйүнө жардам көрсөтүп келе жаткан "Жорго" компаниясынын жигиттери тууралуу жазган элек. Бул ирет ушул эле компаниянын кызматкерлеринин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекер кызмат көрсөтүп, айткан дарегине жеткиргенин баяндоону туура көрдүк. Компания ачылгандан тарта согуштун ардагерлерине бекер кызмат көрсөтсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 50 пайыздык арзандатууну киргизген. Бүгүн, 2-февралда SUPER.KG`ге ардагерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар "Жоргонун" жигиттерине ыраазычылыгын билдирип, каалоо-тилектерин, батасын беришти.

93 жаштагы ардагер Асек Урманбетов

93 жаштагы ардагер Асек Урманбетов 3 жылдан бери бекер такси кызматын колдонот.

"Мен диспетчер кыздарга чаларым менен "Асек ата" деп дароо эле таанышат. Жигиттерге жолугуп, дайыма кеп-кеңешимди, батамды берип турам. Элге таза жүрөгү менен кызмат кылган адамдардын иши алдыга жылат. “Жоргонун” жигиттерин кыргыздын мыкты жигиттери деп билем. Карысын сыйлаган жаштар өнүгөт, өсөт. Ушундай адамдар бар экен, демек, уучубуз куру эмес, келечектен үмүт чоң", - дейт ардагер Асек Урманбетов.

Аспек Жумашев байбичеси менен
Ал эми 92 жаштагы Аспек Жумашев такси кызматын 2 жылдан бери колдонот.

"Балдарым жумушта болуп, мени бир жакка жеткирүүгө эч ким жок калганда "Жоргонун" жигиттерин чакырам. Кызматтарына акы алышпайт. Ал үчүн атайын күбөлүк кагазын да жасап беришкен", - дейт согуштун ардагери.

Гүлбарчын Туйгунова

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлбарчын Туйгунова, Гүлмайрам Алинбай кызы, жалгыз бой эне Айнура Токталиева жана башкалар баары бир ооздон "Жорго" компаниясы 50 пайыздык арзандатуу берип, каалаган жерге жеткирип жатышканын, башка такси кызматтарында мындай жеңилдик жок экенин айтышты.

Гүлмайрам Алинбай кызы

Ал эми Айнура Токталиева 13 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз кызын күн сайын "Жоргонун" жигиттери менен мектепке алып барып, алып келерин айтат.

Айнура Токталиева кызы менен

"Күн сайын такси менен кызымды мектепке жеткиребиз. 150 сом болсо, жарымын берем. Бирок көбүнчө ыймандуу жигиттер жөн эле коюңуз деп албай коюшат. Кызым жакшы баса албайт. Жигиттер мектепке көтөрүп жеткиришет. Өткөн жылы аябай көп колдондук. Бул жылы туугандар каралашып, бир аз азайды", - дейт Айнура Токталиева.

Ошондой эле аталган компанияда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да иштешет.
"Майыптар бригадасында" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер да эмгектенишет. Аларды колдоо үчүн атайын шарттар түзүлүп, жеңилдиктер, түрдүү бонустар берилет. Биз үчүн баары бирдей. Кандай адам болбосун, ал иштөөгө, толук кандуу жашоо кечирүүгө укуктуу", - дешет "Жорго" компаниясынын кызматкерлери.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
02.02.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма Ша Алла! бизда Жорго кызматынан пайдаланабыз 5+
02.02.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Аллах ыраазы болсун кызматынарга,тетири коментарийлерге тан калам,эмне коро албастыкбы,реклама кылыш керек наборот!
02.02.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жолдош майор кандайсыз,
Жоргону неге кармайсыз.
Эскертүү берип бир жолу,
Жол киресин неге албайсыз.

Жорго өзү бир ыйык жан,
Жол киреси жакшы эң арзан.
Жолдо эч бир жоо калбайсын,
Жоргонун номерине чалсан.

Жакшы атка бир камчы,
Жаман атка миң камчы.
Эскертүү бериңиз эми майор,
Эмкиде келет досум касапчы.


02.02.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
panda7,ыр саптарын жорголойт го чиркин!!!
03.02.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
panda7,ырыныз аябай жакты сизди коро албагандар минус басып атышыт,дагы бир шингил таштап койбойсузбу.
02.02.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
жорго алга!
02.02.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кулкуну келтирет))
02.02.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы сооптуу иш чара экен Алла ыраазы болсун. Оруулууларга Аллахым шыпаа, сабыр берсин.
02.02.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алга жигиттер ишинерге ийгилик каалайм
03.02.2017. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр ар бир компаниялар жарнама аркылуу өнүп өсөт да, анын эмнеси жаман? Өзүңөр дагы жок дегенде бир майыпка жардам берип көргүлөчү, сындаган бапрынын колунан келет. жорго компаниясына ийгилик каалайм, жакшылыктарды жасап жүрө бергиле.
03.02.2017. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shairgull,туптуура жазыпсыз, колунан эч нерсе келбегендер бироолорду сындашат коралбай.
03.02.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Реклама болсо эмне болуптур? Эч бир директорда гарантия жок иштечуулордун сюрприздеринен. Коралбастык кылбайлы! Жардамдарын буга чейин кылып журушчу унчукпай. Акыркы болгон окуадан кийин ПР кылып башташты окшойт. Туура эле кором мен. Бир жинди жумушчу учун, компания кураш керекпи. Силер да поддержка кылгандын ордуна билсенер билбесенер да калпиле жаман нерселерди жазып отурасынар. Силерде кандай притензия болгону оздорун реклама кылып жатышат дегенби?
03.02.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эл жаман нерсени эле корушот! Эмнеси жакпай жатат? Эмнеси кулкулу болуп жатат? Жанталашып жаман деп эле жазасынар, жаман десе баары поддержка кыла калат! Жардамды, жакшылыкты королбайбыз! Анан каяктан онугобуз, каяктан жакшы жашоо болот?
03.02.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул мен дагы тушунбойм да, кандай адамдар труп, коруп кылып жаткандарын билбей эле жаза беришет. Тобоо дейм, силер деги озунор ушундай бироого жардам кылып кордунор беле деги, ушундай жакшы адамдарды коралбаганга? Эл оозунда элек жок демекчи, же ит уро берет караван журо берет дегендей. Жорго силер мыктысынар, ошонунардан жазбагыла.
03.02.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
негативдуу коммент жазгандарга айтат элем . озунор кимге,кантип жардам бердинер ? Эмне жардам бергендерди коро албай кайдагы бир жаман создорду жазасынар . ошунчалык эле сынчы болсонор аларга окшоп жардам бергиле анан сынагыла !
03.02.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
экинчи эч ким тушпосун акыркы мисал силердин айдочунар учун кече 3 адам каза болду авариядан а админ сага налат 2 жузду экенсин колума тушсон сындырамго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: