Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулгандагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден тарта эмгек мигранттарынын ишке орношуусу жөнөкөйлөштү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык жактан жагымдуу шарттар жаралды.
"Орусиядан бөлүнгөн 200 миллион доллардын эсебинен бажы посттору, өткөрүү пункттары жана лабораториялар керектүү жабдуулар менен камсыз болууда. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде фитосанитардык көзөмөл алынып салынды. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ал 2015-жылдын сентябрь айынан баштап ишкерлерге 3 миллион долларга чейин насыя бере баштады", - деди премьер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

