super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: 30 жашын белгилеп жаткан "тамашоучу" Бакыт Осмонканов "туулган күнүмдү жылдагыдай үй-бүлөм менен тосом" дейт

 
Бакыт Осмонканов
Бакыт Осмонканов үй-бүлөсү менен.
Жакындары тартуу кылган торттун сүрөтүн интернеттеги баракчасына жайгаштырып: "30га чыктым, бирок Конституция боюнча жашмын", - деп жазат Бакыт Осмонканов.

"Тамашоу" долбоорундагы "Моника Беллуччи" командасынын капитаны, "тамашоучу" Бакыт Осмонкановдун бүгүн туулган күнү. "30 жашка чыгып калыптырмын. Кандайдыр бир өзгөрүү деле болгон жок. Акыркы 2-3 жылдан бери үй-бүлөм менен өткөрүп келе жатам. Бул жолу да үйдө белгилейм", - дейт ал.

"Тамашоуго" чейин Евгений Акопяндын "Кыргызстан КВНи" Лигасында "Весёлый строитель" командасында ойногон. Кийин "Тамашоудон" "IUK" командасына кошулуп, андан чыккандан кийин "Моника Беллуччи" командасын түзүшкөн. Бакыт Осмонканов телеалпаруучу катары да таанылып, жаштарга арналган көңүл ачуучу программаларды алып барган. Мындан сырткары тасмаларга сценарий жазып, өзү актёр катары тартылып жүрөт. "Напарниктер" тасмасына режиссёрлук кылган. 2013-жылы Жылдыз аттуу кызга үйлөнүп, 2014-жылы Нурсултан аттуу уулдуу болушкан.

2-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: