super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Токто, жаным" клибинде суудагы 2-3 секундалык кадрды алуу үчүн бир күн убара болгонбуз" дейт Данияр Эрматов

 

Данияр Эрматовдун чыгармачылыгындагы алгачкы тартылган клиптердин бири - "Токто, жаным" ырынын клиби. Ырчы ал кезде жаш, тажрыйбасы жок болгонун, азыр клипти көрүп, кээде уяларын, кээде сыймыктанарын айтып, буларды билдирди:

"Токто, жаным" алгачкы тартылган клиптеримдин бири, ушул ыр менин визиттик карточкам десем болот. Ал кезде продюсерим жок болчу. Тартууга ылайыктуу жай карап, бир күн кечке керектүү буюмдарды ташып, кыскасы, өзүмө караганга убакыт да жок болгон. Клиптин сюжети, мен ырдап жаткан учур ар башка күндөрү тартылган. Андыктан кээ биринде чачым узун, башкасында кыска болуп калган. Эми алгачкы жолу чыгып жаткандан кийин боло берет го дейм. Азыр көрүп бир чети уялып кетем, бир чети сыймыктанам" (күлүп).

Ырчы бассейндеги бир нече секундалык кадрларды алуу үчүн бир күн убакыт коротушканын айтат.

"Болушунча изденип, өзгөчө клип тартууга аракет кылганбыз. Ал учурда суунун астында тартууга ылайык камера, камерага кийгизилчү каптама да жок болчу. Ошол учурда Кыргыз өлкөсүнө келген бир туристтен камерага кийгизилчү каптамасын алып, анан суунун түбүндөгү кадрларды тартканбыз. 2-3 секундалык кадр алуу үчүн бир күн кечке убара болгонбуз. Ал учурда сахнага жаңы кадам таштагандыктан тааныш-билиш жок, көп эле кыйынчылыктар болгон", - деп сөзүн жыйынтыктады ырчы.

Данияр Эрматовдун "Токто, жаным" ырынын клиби бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.02.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коч бара бара тузолот
02.02.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биде мектепте окууп
Жургөндө адайыма
Ушул ырды койуп кыздар мн
Валиске түшчү эле ушул ыр мода эле
Токто жаным Жакшы
Ыр эле
Данияр эрматов игилик сага
03.02.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жагат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: