super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт ЕАЭК боюнча: Текебаевдин айткандары жалган

 

Өмүрбек Текебаевдин Евразиялык экономикалык комиссиядагы Кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү жөнүндө тараткан маалыматы чындыкка жатпайт. Өкмөт депутат Текебаевди такталбаган маалымат айтты деп сындады.

Айтылгандарга таянсак, Данияр Турусбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиевдин уулу эмес. Евразиялык экономикалык комиссияда Протоколдор департаментинин директору болуп дайындалганга чейин Данияр Турусбеков Бишкек мэриясынын Экономикалык өнүгүү башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын протоколдук секторунда иштеген.

Илья Черный дагы Текебаев айткан ишканалардын акционерлерине тиешеси жок экени, ал Евразиялык экономикалык комиссияда кызматка дайындалганга чейин президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгону айтылат.

Данияр Турусбеков, Илья Черный, Паиза Сүйүмбаева дагы ЕАЭК кызматына эл аралык уюм өткөргөн сынактын тандоосу менен дайындалганы маалымдалды.

Эскерте кетсек, парламенттин 2-февралдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев Евразиялык экономикалык комиссияда КРнын Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиевдин, "Кыргызавтомаш" жана "Автомашрадиатор" ишканаларынын 45 пайыз акциясынын ээси Анатолий Черныйдын уулу, УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин жеңеси кызматта турганын сындаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: