super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов: "Сарпашевдей чиновниктер өкмөттө иштесе, өкмөткө эч качан ишеним болбойт"

 

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин ээлеген кызматына татыктуулугун карап чыгууну премьер-министрге сунуштады.

Фракция лидери Өмүрбек Бабановдун ою боюнча, Сарпашевдей чиновниктер өкмөттө иштесе, өкмөткө ишеним эч качан болбойт. "Сарпашев Максим Бакиевдин мүлкүн сатуу боюнча документке кол койгон экен. Кантип ага шайлоочулардын тизмесин ишенип берсек болот?! Мени премьер-министрдин позициясы таң калтырып жатат. Ар бир чиновник жыйынтык көрсөтүшү керек. Жетекчиден өкмөттүн иши көз каранды. Эмнеге премьер-министр Сарпашевди жумуштан кетирбей жатат?" - деп нааразы болду Бабанов.

Айта кетсек, 31-январда мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өткөн. Анда Тайырбек Сарпашев Бакиевдин жеринин сатылып кетишинде ал жетектеген мекеменин күнөөсү жок экенин айткан. "Бизге соттун чечими келет, биз аны каттайбыз. Биздин жумушубуз каттоо. Эч кандай саясий же моралдык баа бербейбиз", - деген Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: