super.kg logo

КИНОЗАЛ: ЭКСКЛЮЗИВ! "Күчтүү актёрлордун бири Азиз Мурадиллаев "Сюрприз" тасмасынын көркүн ачкан" дейт Эмил Эсеналиев

 

Бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү "Сюрприз" тасмасы менен толукталды. Режиссёру - Адилет Акматов. Анда башкы каармандар бай Гапардын жана жөнөкөй жигит Жапардын ролдорун актёр Азиз Мурадиллаев жана "тамашоучу" Эмил Эсеналиев ойногон. Эмил Эсеналиев тасманын ийгилигинин сыры сценарийинде жана тартуучу топтун ынтымактуу иштегенинде болгонун айтат.

"Өлкөдөгү күчтүү актёрлордун бири Азиз Мурадиллаев "Сюрприз" тасмасынын көркүн ачкан десем болот. Ал киши менен бирге ойноо мен үчүн сыймык болду. Ал эми таасирдүү, элге жаккан чыгарма болгонунун сыры - сценарий кызыктуу жазылган, тарткан топ ынтымактуу, күчтүү болгон деп айта алам".

Ошондой эле тасмада орусиялык ТНТ телеканалынын "Универ", "Счастливы вместе", "Дружба народов" жана башка комедиялык сериалдарында тартылган Ашот Кещян МАИчинин ролун ойногон.

"Ашот биздин өлкөгө жумуштары менен келип, биздин тасмага тартылып калган. Канча гонорар алганын билбейм, аны продюсер чечкен", - деп сөзүн жыйынтыктады Э.Эсеналиев.

"Сюрприз" тасмасын бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.02.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Iii chyn ele jakshy kino. Komediya, melodrama. Akterlor sonun oinogon!
03.02.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толугу менен американын Впрытик деген киносунун кочурмосу.Интернеттен таап корсонор болот
05.02.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кочурмо болсо эмне экен. зато жакшы кино. кыргыз киносу аздан оноло баштады окшойт. азиз агай кыйын ойногон. ушундай таланттуу, дипломдуу анан тажрыйбалуу актерлор эле кинону кооздойт да. ырыс эжекебиз деле журбойбу казактын киносун кыргызчалап тантып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: