super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ФЕВРАЛЬ: Мындан 68 жыл мурун балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев туулган

 

Мындан 68 жыл мурун, 1949-жылы 4-февралда балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн.

1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан баштап Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган.
4-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: