super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "ЕАЭБге киргенибиз туура саясий чечим болгон"

 

Бүгүн, 4-февралда Бишкекте "Ак шумкар" саясий партиясынын жыйыны өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана борбор калаадан шайланып келген 200 делегат катышып жатат.

Анын жүрүшүндө партия лидери Темир Сариев Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү тууралуу пикирин айтты. "ЕАЭБге киргенибиз туура саясий чечим болгон. Биз эң ыңгайлуу шарттарда кирдик. Бул биримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришкем, кээ бирлерин өзүм жетектегем. Болбой турган жеңилдиктерди, шарттарды алдык. 200 миллион доллар грант алдык. Кыргыз-Орусия фонду түзүлүп, ага 500 миллион доллар бөлүнгөн. Ооба, кыйынчылыктар бар, бирок бул кыйынчылыктарды жеңишибиз керек. Коюлган талаптарга жооп берген өзүбүз өндүргөн продукцияларды Орусиядагы, Казакстандагы базарларга чыгарууга мүмкүнчүлүк ачылды. Эгер ЕАЭБге кирбесек, мындай мүмкүнчүлүк болбойт эле. Убакыт өтөт, эл ЕАЭБге кирүү туура чечим экенин түшүнө баштайт", - деди Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: