"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо кирди
Президент Алмазбек Атамбаев “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Ал бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамды эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келтирүү, чакан жана орто ишкердик менен алектенген мекемелердин каржылык отчётун түзүү жана тапшыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатын көздөйт. Кабыл алынган мыйзамда “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” колдонуудагы мыйзамдын бир катар беренелерине редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр жана тактоолор киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

