super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: Кереметтүү обондорду жараткан композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев 76 жашка толду

 

Бүгүн, 5-февралда атактуу обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиев 76 жашка толду. Ал 1941-жылы Чүйдүн Жар-Башы айылында туулган. Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959-1962-жылдары М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964-1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1968-1972-жылдары туңгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972-1975-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессорлор Мукаш Абдраевден жана Калый Молдобасановдон окуган. 1975-1977-жылдары Республикалык эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп эмгектенип келген. 1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн.

Анын "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Жаңы жылды тосолу",
"Ысык-Ата-Арашан", "Махабат мекени", "Кетпейм сага жолукмайынча", "Бульварым" жана башка жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун "Сары-Өзөн гимни", "Кыргыз улуттук университетинин гимни", "Токой чарбасынын гимни", "Манас балдар мектебинин гимни", "Кыргыз патенттин гимни", Бишкек шаарынын "Бишкегим" аттуу гимндери жазылган.

С.Жумалиев 1987-жылы "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти" наамын, 1990-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы "Эмгектин ардагери" медалын, 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык "Руханият" ассоциациясынын сыйлыгын алган.

Ырчы Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган. Ал эми Сардарбек Жумалиевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан керемет ыр үчүн ыраазычылык билдирилген.
Ошондой эле Сардарбек Жумалиевдин "Кетпейм сага жолукмайынча" деген чыгармасын жаш аткаруучу Сагыныч 2013-жылы кайрадан жаңылап ырдап чыккан. Ал ыр "Супер-Инфо" гезити уюштурган супер тандоого коюлуп, бирок баш байгеге жетпей, "2013-жылдын ремейки" деп табылган.

5-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун 76 курагуныз 176га чыгыныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: