super.kg logo

27 жаштагы кыз Жердин ар бир өлкөсүн 19 айга жакын убакта кыдырып, рекорд койду

 
Такцанг-лакханг, Бутан
Греция
Аргентина
Жаңы Зеландия
Судан, Жуба
Йемен
Ирландия
Камбоджа, Ангкор-Ват
Кувейт
Монголия
Рождество аралы
Идумея, Петра
Уругвай
Тунис
Түркмөнстан
Сауд Арабия, Эр-Рияд
АКШ, Юта

27 жаштагы Кассандра Де Пеколь аттуу америкалык кыз Жердин ар бир өлкөсүн 18 ай 26 күндө кыдырып чыгып, рекорд койду. Бул тууралуу ал жетектеген "Экспедиция 196" долбоорунун расмий сайтында жазылды.

Ал Жер жүзүндөгү бардык 196 суверендүү өлкөнү эң аз убакта кыдырган адам жана дүйнөнү кыдырып чыккан алгачкы аялзаты катары рекорд коюуну максат кылган. Кассандра Де Пеколдун саякаты сүрөттөрдө көрүнгөндөй эле идеалдуу боло берген эмес. Экспедиция маалында аны айрым жерлерде чалгынчы, аткезчи катары кармашкан. Перуда аны тоноп кетишсе, Түндүк Кореяда көзүнө тике караган аскер "биз силерди жок кылабыз" деген.

"Кээ бир өлкөлөргө баруу кооптуу болду, бирок ал жакка баруу мен үчүн арзый турган нерсе эле", - деген ал Йеменге кирер алдында. Анын акыркы барчу өлкөсү дал ушул өлкө болгон. Дональд Трамптын йемендик качкындарды АКШга киргизбөө буйругунан кийин ал Йемендин аймагынан АКШнын элчилигинин уруксаты менен гана чыга алмак. Акыры тиешелүү документтерди чогултуп, Йеменге кирип чыккан.

Кассандра бала кезинен саякаттоону кыялданган. Коннектикуттан Лос-Анжелеске көчүп келгенден тарта кыялдары тынчтык берген эмес. Ал өзүнө "Эгер мен бир нерсе кыла алсам, эмне кылмак элем?" деген суроону берип, "ар бир өлкөгө барып чык" деген жооп алганын айтат. Буга чейинки рекордчу америкалык профессор Или Лю Жер жүзүн кыдырууга 3 жыл жана 6 күн короткон.

Кассандра өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү таап, 2015-жылы 24-июлда саякатын баштаган. Бул окуянын башталышы көпчүлүктү кадимки дүйнөдө өзгөчө жашоого чакырган. Саякат маалында Кассандра көптөгөн студенттер, бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, туризм тууралуу презентацияларды өткөргөн. Ар бир өлкөдө 4-5 күнгө калып, кооз, атактуу жерлерин кыдырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(12)
06.02.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менда дуйнону кыдыргым келет...
06.02.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргызстан жок го. Бир штук сүрөт болсо дагы болот эле.
06.02.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акчан болсо кана биз дале кыдырмакпыз.
06.02.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Өзубуздун эле ар бир райондорду кыдырып чыксам дейм.
06.02.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанга да келипи))
06.02.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанда да болду бекен же Кыргызстан деген мамлекет бар экенин билбейт бекен. Кыргызстан деген өлкө бар экенин билбейт го көп элдер.
06.02.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tynara81, картада кайсы олкого баргандарын белгилептир, бирок биздин континентте Туркмонстан, менен эле Монголия, Кытай белгиленип турат, Казакстандын картасына да бирдемелерди чийгилептир бирок тушунуксуз.
urmat.kg87 түзөттү 2017-02-06 15:58:56
06.02.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх,акчан болсо саякаттаганга не жетсин!Тытынып журуп эле бир куну картаябыз, озубуздун эле Кыргызстанды толук кыдыра албайбызго турмуштун туйшугу менен.
06.02.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанды дагы белгилептир атайын сызыкча менен корсотулуп турат.
06.02.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саякаттаганга не жетсин .кана бизда озубуздун кыргызстандын ар бир жерин кыдырып келсем.бизде да кооз жерлер ото коп.
07.02.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жайында биздин айылда журду эле бул кыз.
09.02.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош Бишкек жолунда эле журот экемда мен . Кыргызстанды туроо кыдырам Кудай тилекти берсин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: