super.kg logo

Голливудда тартылып, көрүүчүнү бирде күлдүрүп, бирде ыйлаткан "Апамды издеп" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү (фото)

 
Тартуучу топ
Тасманын режиссёру Руслан Акун
Казак актёру Тауекел Мусилим
Америкалык актёр Майкл Мапонго жана котормочу
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр

6-февралда Бишкектеги "Космопарк" эс алуу борборунда көпчүлүк күткөн "Апамды издеп" комедиялык тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Анда башкы каармандардын образын Азамат Уланов менен казак актёру Тауекел Мусилим жаратышкан. Ошондой эле анда Марат Козукеев, Жеңишбек Майрамбек уулун жана башка америкалык актёрлорду көрүүгө болот. Тасма Кыргыз өлкөсүндө, Казакстанда жана АКШнын Лос-Анжелес шаарында тартылган.

Кызыгы, фильм башталардан мурда залдагы ар бир отургучтун жанына бирден кагаз салфетка коюлган эле. Анын сыры тасма соңунда баарына түшүнүктүү болуп, коюлган салфетканын кереги тийди окшойт. Себеби фильм таасирдүү тартылгандыктан алгач жүздөрүнөн күлкү кетпей, каткырып отурган көрүүчүлөр соңунда аял-эркек дебей көздөрүнө жаш алышты.

Тасманын режиссёру Руслан Акундун айтымында, тартуучу топтун эмгеги, идеялары тасманын ийгиликтүү тартылышына түрткү болгон. "Балалуу болгондон кийин жаш балдарга болгон көз карашым өзгөрдү. Чоң адам менен жаш баланын ортосунда достук болушу мүмкүнбү деп ойлонуп, Бакыт менен Жеңишке сценарий жазып берүү сунушу менен кайрылдым. Сценарий жалпы 6 айда, тасма 2 жылда толук тартылып бүттү. Тасманы тарткан жалпы команда, продюсерлердин мыктылыгынан баары ойдогудай соңуна чыкты деп ойлойм. Эч бир режиссёр менин эмгегим мыкты деп ойлобосо керек. Андыктан көрүүчү көрүп, өз баасын берет деп ишенем", - дейт режиссёр Руслан Акун.

Азамат Уланов аталган фильмге тартылып, чоң тажрыйба алып, тартуу аянтчасында эстен кеткис күндөрдү өткөргөнүн айтса, Тауекел Мусилим өз ишинин профессионалдары болгон Нурбек Айбашов, Руслан Акун, Бакыт Осмонканов, Жеңишбек Майрамбек уулу сыяктуу жигиттер менен иштешип, көп нерсени билип, үйрөнгөнүн, профессионалдык жактан өсүү болгонун айтат.

"Бул менин алгачкы толук метраждуу тасмам, андыктан эл кандай кабыл алат, бир көрүп унутуп калбайбы деп ойлонуп, тынчсызданат экенсиң. Көрүүчүлөр менен кошо мен да азыр толук көрдүм, өзүмө аябай жакты. Чыгармачылыкта, жашоодо мыкты тажрыйба топтоого, эл-жер көрүүгө мүмкүнчүлүк берген тасманын жаратуучуларына чоң ыраазычылыгымды билдирем".

Ал эми Америкадан бери келген актёр Майкл Мапонго Кыргыз жерин, кыргыз кесиптештерин сүйүп калганын айтат. "Буга чейин бир нече тасмаларда роль жараткам. Чет элдик тасмага биринчи жолу түшүп жатам. Баары сонун болду. Айрыкча "Кара жорго" бийине кызыгып жүрүп, азыр бийлеп үйрөнүп калдым", - дейт Майкл Мапонго.

Тасмада Азамат аттуу башкы каармандын жетим балдар үйүндө тарбияланып, өзгөчө эс тутумга ээ, акылдуу болуп, анын апасын издөө кыялы көрсөтүлөт. Бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн каарман бир күнү Голливудга апасын издеп сапарга аттанат. Бейтааныш эл, бөтөн жерге эч бир таанышы жок барган кичинекей каарманды тагдырдын түрдүү сыноосу, күтүлбөгөн окуялар жана америкалык жашоочулар менен кызыктар күтүп турган болот. Башкы каармандын атасына эмне болгон, ал өмүр бою издеген апасына жолугуп, Америкадан алып келеби деп ойлондуңуз беле? Жашоодо эмне маанилүү, акчабы же ата-эне, достукпу, мына ушундай жана башка көптөгөн суроолорго тасмадан жооп табууга болот.

Айта кетсек, "Апамды издеп" тасмасы 9-февралдан тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.


кошулду





Голливудда тартылган "Апамды издеп" тасмасы көрүүчүлөрдү жашытты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(24)
07.02.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коруш керек экен.
07.02.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
зынк кино окшойт
07.02.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тизерин коруп эле аябай мыкты денгелде тартылган кино экен деп байкадым буйруса чон экрандан корушкончо
07.02.2017. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойтго коруш керек созсуз
07.02.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты тасманы мыкты адамдар жаратат. Азаматсыңар менин мекендештерим!!!
07.02.2017. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса премьераны кутуп жатам чакыруу билет алгам кыргыз киносунан
07.02.2017. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким барат кыздар менде 2 билет бар
07.02.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kg.balakai, maga berinizchi ekoobun ten ele, men joldoshum m-n baryp keleyin ))) (tamasha)
07.02.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
engel,макул берейин)))
07.02.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.balakai,chyn elebi? Je jon ele tamashalap jatasyzby?
engel түзөттү 2017-02-07 17:53:36
07.02.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
көрүш керек
07.02.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек! Жениш азамат!
07.02.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыгып калдым жакшы тасма окшойт. Девушкам жок ким тушот мни мн чогу Кыздарики
Adhambek түзөттү 2017-02-07 13:52:01
07.02.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы тилде тартылган?
08.02.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздар эмей эле эненерди алып барсанар болбойбу?
08.02.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апам айылдан келип таксиде баратса бир машинанын айнегинде апамды издеймин десе жакшынакай баланын фотосу менен турса .апам байкуш жакшынакай бала экен кантип апасы таштап кетти деп кайгырып алыптыр таксисти кулдуруп
SUPER.KG видео
08.02.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында мыкты денгелде тартылылган экен
Медиа-портал
08.02.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Азаматсын
SUPER.KG видео
08.02.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инт качан чыгып калат
09.02.2017. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетке чыкса экен!
10.02.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sajakat14,Интернетке чыкпай эле, кинотеатрга барып, акча коротуп коргон туура. Анткени бул киного актерлор оз эмгегин жана башка адамдар оз акчаларын жумшаган да. Бул биздин, КР продукт, ошондуктан аны колдоп, кичине болсо да акча кетирген туура. интернеттен бекер коргонгондон коро. Ошондо кийинки фильмдердин да сапаты жогорулай баштайт.
SUPER.KG видео
09.02.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 февралдан Кыргызстандын баардык кино театрларында деп жатышкан!Бугун барам бирда кинотеатрда жокко ошто.Бул кандай жалган маалымат!Же .........
SUPER.KG видео
11.02.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооонун кино абдан жакты! Ийгилик баарына
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: