super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: "Modern Talking" дуэтинин ырчысы, немис музыканты жана композитору Дитер Болен 63 жашка толду

 
"Modern Talking" тобу

Немис музыканты, композитор, 1980-жылдары белгилүү болгон "Modern Talking" тобунун жетекчиси Дитер Болен 63 жашка толду. Ал 1954-жылы 7-февралда Германиянын Олденбург шаарында инженер-гидротехниктин үй-бүлөсүндө төрөл­гөн. Окуучулук кезинде мугалимдери менен тил табыша албай көп чыр-чатактарды чыгара бергендиктен, атасы Дитерди жаза катары мектеп-интернатка өткөрүп салган. Бирок акыркы класстарда жакшы окуп, Геттинген университетинин экономика факультетине тапшырган жана 1978-жылы бул кесиптин ээси болуп, колго диплом алган. Музыка дүйнөсүнө эрте келип, бардык аспаптарда кол ойноткону менен, студент кезинде гана биринчи ирет чакан публика алдына чыга баштаган. Музыкага өтө берилгенин бир жыл ичинде ар кандай стилде жазылган 200 ырынан байкаса болот. Рок жанрына кызыккандыктан, бул жаатта да ыр жазып, чачын ошол убакта өстүргөн. 1983-жылы алгачкы жолу шериги Томас Андерс менен биргеликте "Modern Talking" тобун негиздеп, чоң сахнадан жылдызы жанган. Ушул жылдан тартып дүйнөлүк атак-даңктын туу чокусун багындырган.

Жеке жашоосу

Студент кезинде Геттенген шаарынын дискоклубдарынын биринен болочок жубайы Эрика менен таанышкан. Алгачкы сүйүүсүнө жетип, 1983-жылдын 11-айынын 11инде саат 11ден 11 мүнөт өткөндө Гамбург шаарында баш кошушкан. 1994-жылы ортосундагы пикир келишпестиктен улам экөө ажырашып кеткен. Ортолорунда эки уул, бир кызы болгон. 1996-жылы Верона Фельдбуш аттуу кызга баш кошуп, бир жыл чогуу жашашкан.

7-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: