super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Бийкеч" клибине тартылуу үчүн Добр менен Руслан Абылов атайын бий үйрөнүшкөн

 

Бүгүн, 7-февралда "Медиа-портал" бөлүмү ырчылар Добр менен Руслан Абылов аткарган "Бийкеч" ырынын клиби менен толукталды. Руслан Абылов клип үчүн Добр экөө атайын бий үйрөнүшкөнүн айтат.

"Клипте экөөбүз окшош бийлейли деген элек. Анан атайын бийди үйрөнүүгө туура келди. "Жугуштуу" заманбап бийлер болот эмеспи, алсак, түштүк кореялык PSY`дын "Гангнам стайл" ырындагы бий сыяктуу. Биз да ошондой бийлердин түрүн карап чыгып, "Береке" бий тобундагы Айнура аттуу кыздын көрсөтмөсү менен даярдандык.

Добр экөөбүздүн бийлегенибиз окшошпой жатты, мен бийлегенде ал тартылбай калат же кыймыл-аракеттерибиз бирдей болбой калат. Анан да бийчилер суукта жука кийимчен сыртта тартылган учурда аябай үшүп калышкан. Кудайга шүгүр, эч ким оорубай, баарын жакшы бүтүрүп алдык", - дейт ырчы.

Клип Бишкекте жалпысынан бир айда тартылып бүткөнүн, аны тартууга миң доллардай акча кеткенин ырчы кошумчалады. Ошондой эле клипке Добрдун келинчеги Жибек да тартылган.

Добр менен Руслан Абыловдун "Бийкеч" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
07.02.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Формалары кантет кыздардын коробкага окшоп.
07.02.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зебраго формалары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: