super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш импорттолчу алтын куймаларын салыктан бошотуу демилгесин четке какты

 

Жогорку Кеңеш Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун четке какты. Долбоорго ылайык, алтындан же күмүштөн жасалган куймаларды, инвестициялык жана нумизматикалык тыйындарды республикага алып келүүдө Улуттук банкты кошумча нарк салыгын, бажы алымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу пландалган. Долбоордун демилгечилери - депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Чыныбай Турсунбеков (КСДП) жана Азиз Турсунбаев ("Кыргызстан").

Мыйзам долбоору парламенттин жыйынында талкууланып жатканда, депутаттар ага каршылыгын билдиришкен. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев: "Өлкөгө алынып келинчү алтын куймаларын салыктан бошотсок, чет өлкөлүк ишкерлерди колдогон болобуз. Өзүбүздүн зер буюмдар ишканаларын колдошубуз керек. Аларга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл. Ошондо экономикабызды коргогон болобуз", - деген оюн айткан.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 7-майынан тарта өлкөдө жалпы салмагы 123 килограмм 756 грамм 2400 даана алтын куймалары 342 миллион 771 миң сомго сатылган. "Кыргыз жергесинде 100 граммдык алтын куймалары гана жасалат. Ал эми 1, 2, 5, 10 жана 31 граммдык алтын куймалары Казакстанда жасалат. Бул өлкөдөн алынып келинчү куймалардын ар бир граммына 401 сом кошулгандыктан, жарандарыбыз аларды сатып албай жатышат. Ошондуктан салыктан бошотуу зарылчылыгы жаралган", - дешкен Улуттук банктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: