super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Насаат ырына" клип тартуу бир топ кызыктар менен коштолгонун айтышат "Жебе" тобунун жигиттери

 

"Жебе" тобунун "Насаат ырына" клип тартуу бир топ кызыктар менен коштолгон. Бул тууралуу аталган топтун жигиттери SUPER.KG`ге буларды билдиришти:

"Бул ырды аткарууну Кенже Дүйшеева сунуштаганда алгач биздин стилге туура келбейт деп баш тарткыбыз келген. Бирок бир нече жолу угуп көрүп жактырып, ырдап чыгууну чечкенбиз. Токмок шаарындагы Бурана комплексинде клип тартып жаткан учурда күн аябай ачык болуп турган эле. Бир аз эле убакытта баарыбыздын бетибиз күнгө күйүп калган. Анан да камеранын объективине карап жаа атышыбыз керек болчу. Бир маалда бирөөбүздүн аткан жаабыз так объективге барып түштү. Чуркап барып карасак, эч нерсе болбоптур. Эгер анын коргоочу каптамасы жок болгондо бир топ эле акча төлөмөкпүз".

Ал эми аталган топтун жетекчиси Кенже Дүйшеева клип жөнүндө мындай дейт:

"Клипте жигиттердин мурунку жоокерчилик заманындай башына жоолук байланып ырдап турган жери бар. Ошол учурду тартууда топтогу Кумар агасы Медерди карап кечке күлө бериптир. Анын күнгө бети күйүп калганы, башындагы жоолугу күлкүлүү көрүнсө керек. Режиссёр тартып баштайлы дегенде эле Кумар кармана албай күлүп жиберип, бир топ убакыт өтүп кетиптир. Мен да ал жерден алыста тургам, унчуккан жокмун. Анан Эрнист Сыдыков "болду, жөн тартылгыла, Кенже эжеге айтам" десе, жигиттер күлгөнүн токтотуп, клипке тартылууну улантышкан".

"Жебе" тобунун "Насаат ырынын" клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.02.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм ото кызыктуу экен
Уландысы барбы экен
08.02.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кумар жагатдаа
09.02.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы клип болгон. Азаматсынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: