super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Осень" ырынын клибине эмне үчүн орустарды тарткан, кыргыздар жокпу?" деп сындашкан" дейт ырчы Неля

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө көп көрүлүп, кызуу талкууга алынган клиптердин катарын ырчы Нелянын "Осень" клиби толуктайт. Ырчы ырдын тарыхын, ага клип тартуу учурун жана эмне үчүн советтик мезгилдеги кадрлар коюлганын айтып берди.

"Бул ырды Елена Урсаленко ырдачу. Мен кичинекей кезимде өлкөдөгү алгачкы жеке телеканалдардан көп көрсөтчү. Анын ырдаганын телевизордон көрүп, сүйүп укчумун, ырдап чыкканды кыялданчумун. Негизи эле мен курактагылар ушул ыр менен чоңойгонбуз. Бир топ жылдардан кийин ал кишиге жолугуп, "Сиздин чыгармаңызды кичинемден бери ырдагым келчү, аткарып чыксам болобу?" деп сурап, анын уруксаты менен кайра жаздырып, ырдап чыктым", - дейт ырчы.

Ал эми аталган ырга клипти режиссёр Нурлан Мамакеев тарткан. Ырчы клиптеги каармандар жөнүндө көпчүлүк түрдүү сын-пикирлерди айтканын билдирип, буларга токтолду:

"Эмне үчүн орустарды тарткан, кыргыздар жокпу?" деген сыяктуу сөздөрдү айтып келишет. Баарына түшүндүрө албайт экенсиң. Клиптеги кадрлар тартылганына бир топ жылдар болгон Елена Урсаленконун "Осень" клибинен алынган. Ал ырдаган жерине мен ырдаган кадрлар коюлган. Режиссёрдун сунушу менен ошол кездеги жигит-кыздар бул клипти көрүп, кайрадан окуучулук кезин, өткөн учурду эсине салуу максатында калтырганбыз. Кийин Урсаленко мага жолугуп, чыгармасын жакшы аткарганымды айтып мактаган эле. Ал азыр ырчыларга ырдын тексттерин жазып берип жүрөт".

Нелянын "Осень" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.02.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клип е.урсаленконуку. ошол эле клип монтаждалып Еленанын ордуна Неля кошулган.
09.02.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок Неля жакшы ырлаган
10.02.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sharos3, курамы окшош сайттарды жарнамалоочу билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: