ЖЫЛНААМА, 12-ФЕВРАЛЬ: Америкадагы кулчулукту жойгон АКШнын 16-президенти Авраам Линкольн 208 жыл мурун туулган
Мындан 208 жыл мурун, 1809-жылы 12-февралда Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти жана Республикалык партияны негиздөөчүлөрдүн бири Авраам Линкольн Кентукки штатынын Гардинг округунда төрөлгөн. Апасы китептерди көп окуткандыктан, кийин Авраам замандаштарын керектүү учурда цитаталарды орундуу жана так келтирүүсү менен таң калтырган. Бала кезинде темир уста болуу тууралуу кыялданып, бирок ал ишке ашкан эмес. Кийин токойдо карагай кыюучу, почта кызматкери, жер ченегич болуп иштеген. Бир жолу ал Миссисипи дарыясы боюнча түштүккө сапар тартып, ал жердеги кул базарда кара күчүн саткан адамдарды, жан багыш үчүн ач курсак менен акчанын кулу болгондорду, адамдык укук тебеленип, теңсиздиктин күч алганын көргөн. Ошондон тартып өмүр бою кулчулукту жоюуга, адамдардын көз карандысыздыгын камсыз кылып, теңсиздикти жок кылууга бүт күчүн жумшагысы келген. Ошондон улам ал юрист болуп, Иллинойс штатынын адвокаттар коллегиясынын мүчөлүгүнө кирет. Ушундан тартып Линкольндун чоң саясатка жолу башталган. Ошентип, Кентукки штатындагы карапайым эле фермерлердин уулу, бир кездеги токойдо жумушчу, жер ченегич жана башка кара жумуштарда иштеп жүргөн Линкольн укмуштуудай зор бийиктиктерди багындырууга даяр болгон. Америкалыктар аны "man who made him himself" - "өзүн өзү жасаган адам" деп аташкан.
12-февралга карата жылнаама.

