Токтогул районунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды



Токтогул районунун тургуну ири өлчөмдөгү маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районундагы Жаңы-Өзгөрүш айылынын 33 жаштагы тургуну жашаган турак үй ыкчам маалыматтын негизинде текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында 33 килограммдан ашык марихуана жана 6 килограммга жакын гашиш табылган. Шектүү табылган маңзаттарын өзү колдонуу үчүн даярдап койгонун айткан. Учурда кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Лично мен ушул айылдын тургунумун,бизде акча табуу учун жумуш ордулары жакшы тузулгон эмес,айласыздан ушул кадамга барышат да.ХХХ