super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" боюнча кылмыш иши козголду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго "коррупция" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 14-февралда башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Исаков 2010-2015-жылдары Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүн башкарып турган кезде райондук Мамкаттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелерин берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык айыл-чарбага багытталган 14,34 гектар жер турак жай курууга берилип кеткен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандар көрсөтүлгөн жер тилкелерин 1,5 миң доллардан 3 миң долларга чейинки баада сатып алышканын билдиришкен. Факты боюнча тийиштүү материалдар иликтөө үчүн УКМКга жиберилди.

Музаффар Исаков 2016-жылы июнь айында Ашэра Халикова мандатын тапшыргандан кийин КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.02.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кетсин мындай жегичтер!!! Адам болбой калды го булар тим койушса депутат болуп дагы коп жейт..
14.02.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы улуттагы депутаттар булар.
14.02.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы бир тойгончо жеп олгончокаргана турган КСДПКчы.Буларга закон иштебесе.Показуха.
14.02.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш-Булак кайсы районго карайт, толук эле жазып койбойбу районун.
14.02.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A.Alymbek, сузак районуна карайт.
14.02.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер сатып, депутат болуп... Ынсап бере көр пендеңе, 14гектар оңор эмес жерго...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: