super.kg logo

“Моника Беллуччи" командасы беш жылдан кийин алгачкы жолу жеке концертин өткөрдү

 

"Тамашоу" долбоорунан чыккан “Моника Беллуччи" командасы беш жылдан кийин алгачкы жолу жеке концертин өткөрдү. Концерттин жүрүшүндө "тамашоучу" жигиттер көрүүчүлөргө жаңы тамашаларды тартуулашты.

Биз бүгүн 5 жылдан кийин чогулуп күйөрмандарыбызга кайрадан концерт уюштуруп жатабыз. Бул жолу жаңы тамашаларды даярдап келдик. Анткени эл эски тамашаларга күлбөйт. Элди өзүбүзгө тартуунун жолун издедик. Бүгүнкү концертти кайрымдуулук үчүн уюштурганбыз. Кыргыз элинин арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир адам бар экен. Анын ден соолугу үчүн кам көрүүдөбүз. Концерттен түшкөн каражатты ошол адамдын дарылануусуна которобуз”, - деп билдирди команданын мүчөсү Жеңиш Майрамбек уулу.

Концерттик программанын жүрүшүндө "тамашоучулар" Нурлан Мотуевди тамашага салган эпизоддорду аткарышты. Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарындагы испан аты менен кыргыз атынын ат майданында көргөзгөн оюндарынан сахналык көрүнүш көрсөтүлдү.

Концертке эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова, "тамашоучу" Азамат Исмаилов, Санжар Мыкыев катышты.

Программанын жүрүшүндө Гүлнур Сатылганова "Керемет дүйнө", "Сахна" аттуу чыгармаларын аткарып берди. Ошондой эле "Моника Беллуччи"'командасынын сахнадагы орду бийик экендигин айтып, аларга ийгилик каалады.

Биз бүгүн концерттен эң мыкты тамашаларды көрдүк. Анткени бул командадагы оюнчуларды жакшы тааныйм. Аябай таланттуу балдар. Келинчегим экөөбүз күлкүгө сугарылып, жакшы эс алдык”, - деп билдирди "тамашоучу" Азамат Исмаилов.

Концерттин жүрүшүндө сахнадан "Жигиттер", "Ак-Өргө сити", "No name" командаларынын капитандарын да көрүп жаттык. Концерттик программанын өзгөчөлүгү, көрүүчүлөрдүн конок катары чакырылган "Тамашоу" командаларынын өкүлдөрүнө суроо берип, жооп алып жаткандыгында болду.






"Моника Беллуччи" алгачкы жеке концертин өткөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
14.02.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ош шаарында болот бекен йя?
14.02.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен баргым келген, бирок бара албай калдым. Барбай калган жалгыз мен эмес болсом керек. Зынк болдуго э?
14.02.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
интернеттен коробуз эми
14.02.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайрымдуулук кылганынар эн жакшы,,онгуло оскуло ийгилик силерге..
15.02.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика карыптыр
15.02.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
малатсы аллах озу колдосун
15.02.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Группанын аты эмне учун Моника Беллуччи?
15.02.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аябай начар команда
Медиа-портал
15.02.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакыт жон эле бакыра бергенин токтотсо жакшы болот эле
Медиа-портал
16.02.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
молодцы. жыл сайын ушундай концерт берип турсанар гана
SUPER.KG видео
17.02.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул концерттин толук видеосун качан жуктойсунор
Медиа-портал
18.02.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишке чооон рахмат дегиле Бакыт.Жениш баарынарды тартып кетиптир,а калганынар чынын айтсам жон ле массовкасынар.Эл Женишда катышат экен деп барышты.Изденуу жок.Эски тамашалар,эптеп акча топтоо дегенинерди качан токтотосунар ыя?Же бир кинолорунар маанилуу болсочу.СИлерге кенешим,таксовать ткиле,Дордойго соодага чыккыла.Ал эми ыйык сахнаны жон ле тебелебегилечи сураныч.Жениш инимден башкасы чынында башка жумуш менен алектенгиле.Кино жаатынада кол салбагылачы сураныч.Мойкада иштегиле.Ийгилик.
SUPER.KG видео
18.02.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бою бир карыш болуп эле эч кимге соз бербейтго тиги ар биринин салымы бар, орду бар дегендей как будто баарын Бакыт жасагандай го турушунда, Жениш молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: