super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Сен барда" ырыма клип тартуу учурунда Жан Воинов экөөбүз бири-бирибиздин көзүбүзгө карай албай жаттык" дейт Айымжан

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүнө жаш ырчы Айымжандын "Сен барда" аттуу казак тилиндеги ырынын клиби жүктөлөр замат жакшы пикирлер жазылды. Клип Бишкек шаарында жана Чуңкурчак өрөөнүндө тартылган. Айымжандын айтымында, бийчи Жан Воинов экөө бийлей турган аянтчаны Чуңкурчакка орнотуу эң оор болгон.

"Аны бул жактан сатып алып, унаага жүктөп, кайра Чуңкурчакка алып барып орнотуу оор болду. Ал платформа жолдон унаадан түшүп кала да жаздаган. Оюбуздагыдай кылып кураш үчүн көпкө алышканбыз. Калганы жалпысынан тез жана жеңил болгон. Бийди 3 жумадай үйрөндүк. Себеби же Жандын, же менин иштерим чыгып калып жатты. 7-8 жолу репетиция өткөрдүк окшойт. Биздин бийибиз күйөрмандарга жасалмадай болбосун дедик. Ар бир кыймылды, ар бир бир көз карашты кайра-кайра кайталап, даярданганбыз", - деди ырчы.

Айымжан Жан Воинов менен клипти тартууга чейин жакшы тааныш болбогонун айтат.

"Биз Жан экөөбүз мурун бири-бирибизди аябай жакшы тааныбагандыктан, клиптин кээ бир жерлери тартылып жатканда ыңгайсыздыктар жаралган. Репетиция маалында көздөрүбүздү карай албай, Жан мени кучактагандан уялган. Сүйлөшө турган жерлерде эмнени айтарыбызды билбей, күлүп жаттык. Бийлеп жаткан кадрларды 50 жолудан тарттык окшойт. Анткени кайра эле, бири-бирибизди тике карай албай, күлүп жиберип, кадрды бузуп сала бердик", - деди Айымжан.

Айымжандын "Сен барда" ырынын клибин көрүү үчүн бул жерди басыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
15.02.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Көздөрүн карай албасаң анда ортодо сүйүү жаралат окшойт
15.02.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Alixan-Nookat.2015,Булар да сүйүү бар эле, жөн эле жашырып жүрөттөр
15.02.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Motorola-Samsung,ал эмне дегенин суйуу бар эле анан жон эле жашырып журоттор дегенин? Суйуусу бар жон эле жашырып журушот десен болмок. Же кыргызча эмес же кытайча эмес
15.02.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nur1k, Баткенче жазды. Диалект.
15.02.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыма жагат жагымдуу кызго)))
15.02.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул деле Аяна касымова болот да коп болсо)))
15.02.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan., kandaicha
15.02.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыма аябай жароокер , назик , озун достойный алып журот . Жан деле крассавчик , ийгилик силерге !
15.02.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма баарына эле жагат деп ойлойм сонун кыз)))
16.02.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйом ушул кызды.Жан "жон жур брат".хаха хаха
16.02.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо соонун пара болот))
16.02.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииииииииндевей кирип,коруп чыгып кетсе да. Озу боло албайт, болгонду коро албайт болбой. Орусча ырдаса да, казакча ырдаса да, кайсы тилде суйлосо да озубуздун кыз го, поддержка дегенди билели да кичине. Жакпаса такыр корбогуло, ушинтип журо берсек онукпойбуз эч качан. Озу эч нерсе жакпайт коомчулука
16.02.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча ырдабаптыр дегендерге Айыма ушул ырдын Кыргызча вариантын чыгарып койсо болот Бирок мен учун Айыманын бардык тилдеги ырлары жагат
16.02.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козунун кош каты жок Мотурайган кызда ушу жадыраган..
16.02.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козунон башка жерин карай бер да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: