super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: СССРдин жана КРнын Эл артисти Самара Токтакунова 72 жашка толду

 

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова 72 жашка толду. Ал 1945-жылы 16-февралда Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Самара Токтакунова Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик элдик оркестрде, ал эми 1970-жылдан баштап Улуттук филармониянын солисти жана комузчусу болгон.

1975-жылы С.Токтакунова алгачкы жеке концертин берген. Ал Нью-Йорктогу (АКШ) "Метрополитен опера", Париждеги (Франция) "Олимпия" аттуу дүйнө жүзүнө атагы чыккан театрларда эл астына чыгып, комузду жана кыргыз элинин мурасын көпчүлүккө тааныткан. Самара Токтакунова Гаванадагы (Куба) 11-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Москвадагы 12-Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 1977-жылы Самара Токтакуновага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1988-жылы СССРдин Эл артисти наамдары ыйгарылып, 1995-жылы "Данк" медалы менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессор наамын алган. Ошондой эле III даражадагы "Манас" ордени, БИМУ (Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму) медалы, "Достук" медалы, Мухтар Ауэзовдун алтын медалы жана "Астана" медалы, "Эмгек кайраттуулугу үчүн" Молдова Республикасынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган.
1993-жылдан баштап Кыргыз улуттук консерваториясында жаш муундарды тарбиялап иштеген. Мындан тышкары Самара Токтакунова Нокс-Фильт (АКШ) шаарынын ардактуу жараны.

16-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам бай эмне эле ар мамлекеттерге шашылыш барып жатат моонотунун аягына чейин КРны карызга батырайын деген аракетиби коз ачып жумганча убактысы да келип калат ошого какылыктап жатат го дейм кечээ кытай бугун Белгия эртен Россия буй буйлап калбасак экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: