super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттин үлүшү бар компанияларды Тынчтык Шайназаров “бюджеттин “паразити” деп атады

 

Кыргыз мамлекетинин бюджети организмдей. Ар бир организмде паразиттер болот. Менин жеке оюм боюнча, биздин бюджеттин паразити - мамлекеттин үлүшү бар компаниялар менен ишканалар”, - деп 15-февралда Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттин бюджетине зыян келтирген компаниянын жетекчилери жоопко тартылышы керек.

“Саясатчылар, депутаттар бийликке сын айтып койсо артынан түшүп аласыңар, мамлекетке зыян алып келгендерге сыйлык берелиби? Коргоо министрлигине караштуу “Семетей” деген мейманкана бир жылда 50 миң сом пайда алып келиптир. Чындыгында 50 миң сом бир күндө түшө турган каражат. Эгерде мурда миллиарддаган пайда алып келген компанияларга жаңы жетекчи дайындалгандан кийин зыян келтирилип жатса, кылмыш ишин козгоп камаш керек”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: