super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Любимая" клибине алгач биздин менталитетке туура келбейт деп тартылууга каршы болгом" дейт ырчы Темир Назаров

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү сүйүшкөндөрдүн образы чагылдырылган клиптердин бири Темир Назаровдун "Любимая" ырынын клиби. Ырчы клип тартуу учурунда образга кирүү кыйын болгонун айтат.

"Адамдардын баары катары менен бир болуп турганда сени эч ким байкабайт. Ошолордун арасынан бир аз эле баш көтөрсөӊ сөз кылып башташат. Замандын талабына жараша чыгарма, жаӊылык жаратуу, образ, стилди өзгөртүү зарыл болду. Өзгөчө жаӊылык жасадым деп айталбайм. Режиссёр Александр Белов клиптин идеясы тууралуу айтканда алгач биздин менталитетке туура келбейт деп тартылууга каршы болдум. Бирок ал "окшош нерселер элге байкалбай өтө берет, атыӊ чыкпаса жер өрттө" деген сыяктуу бир топ макалдарды айтты. "Ыр мага жакты, сага жардам болсун" деп бир топ көмөк көрсөттү. Ошентип анын сунушу менен олуттуу, токтоо жигиттин образын жаратууга макул болдум", - дейт ырчы.

Ал эми клипке карата айтылган сындар тууралуу буларды билдирди:

"Чөптө 6 саат жатып, тартылуу кыйын эле болду. Ооба, түрдүү сындар айтылды. Бизде экран артында отуруп, өздөрү эч бир жумуш жасабай негативди көбөйткөн адамдар бар. Негизи кимдир бирөөнүн эмгеги жакпаса, телевизордон кетип жатса өчүрүп же башка каналга которуп койсо деле болот да. Сөзсүз жагымсыз сөздөрдү жазуу керек эмес деп ойлойм.

Ошол учурда Ибрагим Жунусовдун "сен жөнүндө элдин сөз кылганы жакшы, ал эми эч ким сөз кылбаса, анда ал өлгөн ырчы, аны көмүп койсо боло берет" деген сөзү эсиме түштү. Андыктан кара пиар да болсо, пиардын бир түрү деп көӊүл бурбай калдым. Клипти өзгөчө тартылган деп айталбайм. Бирок экрандан жакшылап караса, өзүнүн энергетикасы, өзгөчөлүгү бар".

Темир Назаровдун "Любимая" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
16.02.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Актанбай эле койсун. Бул жигитти онолду деп журсо жоголгон турбайбы!
16.02.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кыз аябай сулуу экен бирок картина жакпады ыр аябай жакты
16.02.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
анзызда туура келбейт
16.02.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менин чоң балам Темирдин бир ырын ар дайым машинада жүрүп коюп берчи ата дейт эле.Ыймандуу бир ыры бар эле.Эми коюп берчи десе Темир акаң бузулуп кетиптир деп коёюн.)))
Темир сени кыйла оңолду деп жүрсө көрсө сен элди башка жака үндөп жүргөн турбайсыңбы...
17.02.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurmuhammad-1,menda owol yryn ugup taasilenip maktadym ele temirdi. bular ozdorun korsotuw uchun ar nerse kylat
16.02.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздын жамбашы жасалмабы?
16.02.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Үйлөнгөн ырчылыр кайсы бети менен кыздар менен чапташып клип тартышат?!
16.02.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клипти коргон женеша кантти болду экен чиркин,куйуп кетпедиби.
16.02.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орустун тилине кирип кыргыз сапатыңы жоготконуңа жол болсун.
16.02.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Klip tartpaile koibopsun,ech bir tarbiyaluk maanisi jok bekerge ubakyt,akcha korotupsun,piarlagancha uiundo otur!
16.02.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Темир акыйкат ар тараптуу айтылат, бирок чындык бирөө. Буга чейинки видеолордогу комментарийлерде сени колдоп, мактап жүргөндөрүбүз деле азыр сындап жатабыз. Мунун да себеби бар. Жөн эле "Адамдардын баары катары менен бир болуп турганда сени эч ким байкабайт. Ошолордун арасынан бир аз эле баш көтөрсөӊ сөз кылып башташат. Замандын талабына жараша чыгарма, жаӊылык жаратуу, образ, стилди өзгөртүү зарыл болду" - дегениң актануу жана акылсыздык. Мүмкүн Европада жашагандарга же ошондой вакум
16.02.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
(жогоркунун уландысы) туугандарга сенин клибиң сексбом болгондур. Акылга сыйбаган ишти кээде ар бирибиз жасап коюшубуз мүмкүн. Бирок бет тырмачылык кылганың же моюнуңа албай сени башкалар көрө албагандай айтканың жарабайт. Ак эмгекти кыргыз ар качан даңктап келет. Биздин коомго туура келбеген клиппи? - ооба дал ошондой! Жаштарды жакшы жакка тарбиялаган эч нерсеси жок жана үй-бүлөм менен баарыбыз олтурганда көрө албай турган маанисиз клип! Буга чейинки клиптерде жакшынакай ойноп ырдагансың!
17.02.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын баласы кыргыз бойдон калганы жакшы, карераңда түбөлүк кичинекей кара такка орун бердиң! Сени жогорку маданиятка ээ, адеп-ахлактуу жетекчи, эч качан (кечиресиң эч качан дебегиле деген сөз бар, бирок) маданият тармагындагы жооптуу кызматка албаса керек! Эгерде эле эстен тайбаса. Мурунку эле жолуңда жаңы образды ачып, адамдык бийик сапаттарды көрсөтүп, коомду жакшы багытка буруп, изденип иште. Сөзсүз эле жарым жылаңачтарды пропагандалоо менен жеңил желпи ойго түртүү керекпи?
17.02.2017. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыр сонун. Кичине бизге туура келгидей тартса болмок. Темир образга жакшы кирген. Озу эмес башка эле бир баланы тартса болбойт беле.
17.02.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менталитет деп эми ыр чыгарбай койуш керекпи. Ал да болсо кесип биздин колдон эч нерсе келбегенден кийин жыым олтурганыбыз жакшыго туугандар. Колунан ырдаш келет ырдады. Озу айтып кетиптир ТВ берилип жатса башка каналга которуп койгула. Замандын талабына жараша тартылган. Чет олконун клиптерин деле жыланач тушот коруп жатпайсынарбы. Эмне кийими жок туштубу булар баары жайында. Жубайы тушунуп анан тартылды да бул клип. жалан ийгиликтер Темир байке. ыр сонун...
17.02.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне дейбиз Эми....атыныз чыкпай калды эле...жер орттоп эле ....ууу....дуууу ...болуп пайда болуп калдыныз. Ийгилик!
17.02.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эркек Темир алга!!!
Жакшы клип болуптур дадил!!!
17.02.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saga okwop jumuw jasailyby anan. televizordon jakwy nerselerdi uibuloon menen koroiun deisin saga okwogon buzukular chygat elim kaida baratabyz.
17.02.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жигит дин жонундо ырларды да аткарып журду беле?
17.02.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустун оюну жаман..... деген макал бар. орус оюндагысын кылат,ислам ждо тушунугу жок неменин созун акыл деп, жанылыпсыз. Аллах ждо ырдаар элениз. кайсы кара теке сузду???
17.02.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала арабдардын кийимин кийип колуна теспе кармап ырдап алат, эми орусча, тушунбойсун. Оюндакысын кыла бербей бир тараптуу болбойбу, элге жугумдуу болот элет го. Акыркы клиптерде жалан орус кыздар менен клип тарта башташты,ырчылар не жарышып атышабы.
17.02.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа кокуй күн сен да бир катардагы эле бир жеңил ойлуу неме экенини далилдепсин да. Алланы улуктап ырдап элге башкача ойду жаратып жакшы кетип бара жатып тетири кетипсин да байкуш. Баары бир тыйын болуптур да, өзүнүн баркыны өзүн төмөнгө чаап салыпсын аттин. Ооба сенин шерменде клибин башталса акыл эси бар адам көрбөй эле башка каналга которооруу айдан ачык. Ушунча жыл топтогон кайран абырой бир арзан клип менен жок болгону окундурот. Сени мыкты жигит деп ойлосо айныдын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: