super.kg logo

Имараттан кулаган куруучулардын омурткалары, сан сөөгү сынып, эттери жанчылган

 
5 киши жабыркаган курулуш жүрүп жаткан жер

Бишкекте курулуп жаткан имараттан кулаган куруучулардын омурткалары, сан сөөгү сынып, эттери жанчылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Азыркы тапта 3 адам дале жандандыруу бөлүмүндө. Биринин 8-9-10-омурткалары сынып кетсе, экинчисинин сан сөөгү катуу жабыркаган. Үчүнчү адамдын баш мээси чайкалган. Ал эми хирургия бөлүмүнө жаткырылган жарандын эттери жанчылган", - дейт Кубатбеков.

Айта кетсек, кечээ, 16-февралда Чүй жана Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын 5-кабатынан 5 адам кулап кетишкен. Жабыркагандардын төртөө Травматология жана ортопедия илимий борборуна, ал эми бирөө Улуттук госпиталга жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна коргоочу тактанын түшүп кетиши себеп болгон.






"Дордой сити" соода борборунун курулушунан кулаган 5 жаран ооруканада

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коопсуздук каралган эмес да, байкуштарга жаман болгон экен.....аман эсен айыгып кетишсин.
17.02.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизде KG де куруучуларга шарттар каралбайт как буддо алар Экинчи сорт адамдардай мамиле кылышат компаниялар акча керекпи иште керек эмеспи близ сени зордобойбуз деп уй булоосун эстегенде жанын омурунун коопсуздугун Эстен чыгарышат байкуштар. Омурткалары сынгандар басып кетишеби же байкуштар омур бойу азап мн отушобу бала чакасы кандай болот Аллахым шыпаасын берсин дуа кылабыз
17.02.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуп, айыгып кетишсин. Жаман иш болуптур.
17.02.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Омурткалары сынып кетсе анда ошол сынган жеринен ылдыйы иштебей калуу коркунучу бар, курулушта иштегендерге ошол курулуш компаниясы коопсуздук чараларын да камсыздап берсе болотго, эми мынтип жок жерден бир омурго майып болуп калат
omka100514 түзөттү 2017-02-17 10:13:29
SUPER.KG видео
18.02.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетишсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: