ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: 51 жыл мурун Орусияда Ту-114 учагы аба майданынан учарда кырсыкка учурап, 21 киши көз жумган
Мындан 51 жыл мурун, 1966-жылы 17-февралда Москванын "Шереметьево" аэропортунан Ту-114 учагы учарда кырсыкка кабылып, 21 адам каза болгон. Андан 3 күн мурда Москвада калың кар жаап, 16-февралдан 17-февралга караган түнү аэропортту туман каптап, кар эрип, жол тайгак болгон.
Экипаждын командири аба ырайына карабай учууну туура көргөн. Учак жерден көтөрүлөрдө шассилери үйүлгөн карга тийип, учакты солго бурган. Кийин сол дөңгөлөк учуучу жолдун чырагына тийип, ылдамдыгы төмөндөп, оң дөңгөлөгүнө күч келген. Учак оң капталына кулап, көңтөрүлүп кеткен.
17-февралга карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.