Жайыл районунун тургуну мал уурулукка шектелүүдө
Жайыл районунун тургуну мал уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 30-октябрь күнү Жайыл РИИБге 48 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда ал 30-октябрга караган түнү короосунда байланып турган эки уюн белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 19 жаштагы К.Э. кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.