super.kg logo

"Манас" эпосу аркылуу эс-тутум феноменин изилдеген китеп жарык көрдү

 

"Манас" эпосу аркылуу эс-тутум феноменин изилдеген китеп жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Китепте маданий мурастарды өткөрүп берүүдөгү адам эс-тутумунун ролуна жана “Манас” эпосун кылымдардан бери оозеки жеткирип келе жаткан манасчылардын феноменалдуу эс-тутумуна басым жасалат.

Культурология илимдеринин кандидаты Нургүл Үсөнованын монографиясы “Адам эс-тутумун изилдөөдөгү теориялык негиздер”, “Келечектин маданиятын калыптандыруудагы “Манас” эпосунун таасири” деген эки бөлүктөн турат.

Автор китебинде эбегейсиз эпосту жазуусуз оозеки өткөрүп келе жаткан кыргыз элине мнемоникалык аракет таандык экенин, элдин өнүгүүсү маданий мурастарын билбей туруп, өзгөчө эс-тутумсуз мүмкүн эмес экендигин баса белгилейт. Изилдөө бир катар манасчылар, анын ичинен Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбек уулу, Жусуп Мамайлардын манас айтууларын колдонуу менен ишке ашырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: