super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: 4 жыл мурун Эмгек сиңирген артист, атактуу опера ырчысы Аманбек Нуртазин каза болгон

 

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 18-февралда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Аманбек Нуртазин 74 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1939-жылы 17-июлда Казак ССРиндеги Кордай районунун Кенес айылында төрөлгөн. Аманбек Нуртазин Фрунзе шаарында Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы хор студиясында вокалдан сабак алган. Кийин Пётр Чайковский атындагы Москва консерваториясында окуган. 1962-жылы вокал факультетин аяктаган соң пенсияга чыккыча Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болуп иштеген. А.Нуртазин "Евгений Онегин" операсында Ленскийдин, "Отеллодо" Кассионун, "Манаста" Сыргактын, "Айчүрөктө" Күлчоронун, "Олжобай менен Кишимжанда" Олжобайдын жана башка көп чыгармаларда башкы каармандардын ролун жараткан.

Аманбек Нуртазин 1957-жылы VI Дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын лауреаты, Бүткүл союздук вокалчылар сынагынын дипломанты, Орто Азия жана Казакстан өлкөлөрү боюнча вокалчылар сынагынын лауреаты болгон. "Даңк" жана "Эмгек ардагери" медалдары менен сыйланган.

18-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: