super.kg logo

Анжелина Жоли ажырашууга арыз бергенден бир нече айдан соӊ эл алдына чыкты (фото)

 
Анжелина Жоли жана Камбоджа өлкөсүнүн падышасы Нородом Сиамони
Анжелинанын улуу баласы Мэддокс
Анжелина балдары менен Нородом Сиамонинин резиденциясында
Анжелина Жоли пресс-конференция учурунда
Анжелина Жоли пресс-конференция учурунда
Анжелина Жоли пресс-конференция учурунда
Тасманын премьерасында
Анжелина Жоли уулдары Пакс жана Мэддокс менен премьера учурунда
Нокс жана Захара премьера учурунда
Шайло жана Вивьенн премьера учурунда

Америкалык актриса Анжелина Жоли Брэд Питт менен ажырашууга арыз берген соӊ түрдүү иш-чаралардан, аземдерден баш тартып, коомчулуктун көзүнөн алыстай түшкөн эле. Актриса өткөн жумада өзү режиссёрлук кылган "Алгач алар менин атамды өлтүрүштү. Камбоджа кызынын эскерүүсү" (First They Killed My Father) тасмасына арналган пресс-конференцияга катышуу үчүн Камбоджа өлкөсүнө учуп барган. Бул анын бир нече айдан бери коом алдына алгачкы расмий чыгуусу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин ажырашуу процесси татаал болуп, мурунку түгөйлөр бир чечимге келе албай жатканы айтылып жаткан. Бирок ага карабай Жолинин жүзүнөн кыйналгандыктын белгилери байкалган эмес. Тескерисинче, анын күлүп, күйөрмандары менен жашоосунда бактылуу учур башталгандай сүйлөшүп жатканы сүрөттөрдө байкалат.

Жоли пресс-конференциядан соӊ тасманын премьерасына катышкан. Премьерага кеченин башкы каарманы ачык кызгылт түстөгү көйнөк кийип келип, чогулгандардын көӊүлүн бурган.

"Алгач алар менин атамды өлтүрүштү. Камбоджа кызынын эскерүүсү" тасмасы 18-февралда "Netflix" телеканалы аркылуу биринчи жолу көрсөтүлгөн. Тасма чыныгы окуялардын негизинде тартылып, Камбоджа өлкөсүндөгү 1970-жылдардагы кандуу окуялар сүрөттөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.02.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зынк аял!
20.02.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эх х х суйомго
20.02.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Падышага аябай коз сузгонго))))
20.02.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага да жагат, Бред Питт менен неге ажырашып кетти я?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: