Өлкө аймагында чек араны бузуп өтүүгө шектелген эки адам кармалды

Өлкө аймагында чек араны бузуп өтүүгө шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февралда "Ош" эл аралык аэропортунан чек араны бузуп өтүүгө аракеттенген Кыргыз жаран кармалды. Кармалган А.Н. аттуу тургун тууганына таандык болгон паспортту көрсөткөн. Ал Орусиянын Новосибирск шаарына барууга аракеттенгени айтылат маалыматта. Ошол эле күнү Өзбекстандын жараны Сузак районунун Бараж аймагынан чек арадан кармалган.
Чек ара мыйзамдарын бузгандарга тиешелүү документтер толтурулуп, УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.