super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ФЕВРАЛЬ: "Тату" тобунун экс-солисти Юлия Волкова 32 жашка толду

 
Балдары менен
"Тату" тобунун курамындагы кези

Орусиялык ырчы, "Тату" тобунун экс-солисти Юлия Волкова 32 жашка толду. Ал 1985-жылы 20-февралда Москвада туулган. 7 жашында жалпы билим берүү мектебинде, ошондой эле №62-балдар музыкалык мектебинде фортепиано классында окуган. 9 жашында "Непоседы" балдар вокалдык-инструменталдык ансамблине кирген. 1995-жылы №1113-жалпы билим берүү мектебинин театрга даярдык бөлүмүнө которулган. Юлия "Ералаш" балдар киножурналына дагы тартылган. 1999-жылы 14 жашында "Тату" тобуна келип, 2000-жылы Гнесин атындагы эстрада-джаз окуу жайынын вокал бөлүмүнө тапшырган. 2009-жылга чейин Юлия "Тату" группасында ырдап, андан кийин жеке чыгармачылыгы менен иштеп баштаган. 2012-жылы Ю.Волкова "Евровидение" сынагынын тандоо турунда "Back to Her Future" аттуу ырды Дима Билан менен дуэт аткарып, экинчи орунга чыккан. 2013-жылы Юлия Волкова жана Дима Биланга "Жылдын дуэти" наамы ыйгарылган.

Жеке жашоосу

Ю.Волкова өзүнүн жан сакчысы Павел Сидоров менен мамиле куруп, 19 жашында экөө Виктория аттуу кыздуу болушкан. 2006-жылы 19 жаштагы Парвиз Ясинов аттуу бала менен таанышкан. Бир жылдан кийин маалымат каражаттары Юлиянын Парвизге Бириккен Араб Эмираттарында жашыруун түрдө турмушка чыгып, ислам динин кабыл алгандыгын жазып чыгышкан. 2007-жылы түгөйлөр Самир аттуу уулдуу болушкан. 2010-жылы экөөнүн ортосундагы мамиле токтоп, ажырашып кеткен. Ырчы балдарын өзү тарбиялап келет.

20-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: