super.kg logo

ТЕСТ: Жаргылчак, тепши, көөрүк... Булар эмне экенин унута элексизби?

 

Бүгүн, 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү. Заман агымына ылайык, кыргыздын айрым сөздөрү кеңири колдонуудан чыгып баратат. Гаджет, интернет, смартфон өңдүү жаңы терминдер элге тез сиңип, ата-бабадан калган айрым сөздөрдүн маанисин түшүнүү кыйындап баратканы да чын. Тест сунуштайбыз, кыргыздын татыктуу урпагы экениңизди далилдеңиз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Буурсун деген эмне?

Буурсун байыркы соко. "Манаста": Кечээ томуктай жерде тоо жок, Тоңкоё кирер коо жок, Буурсун тийген чийин жок, Суур казган ийин жок" деп айтылат.

Кийинки суроо


Өгүздү башкаруучу таяк
Байыркы соко
Жайлоодо кой камалган короо

Сүрөттөгү буюм эмне деп аталат?

Сүрөттө чөмүч. Усталар атайын жыгачтан оюп жасаган идиш. Бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулат.

Кийинки суроо


Чөмүч
Сүзгүч
Чанак

Жаанын жебеси салынган идиштин аты?

Саадак – жаанын жебеси салынуучу баштык. Ал ээрдин кашына илинип, ат үстүндөгү адам андан жебени сууруганга ыңгайлуу болот.

Кийинки суроо


Баштык
Жаадак
Саадак

Жай кыймылдаган атты кыргыздар эмне дейт?

Ылдам баспаган, чобур аттарды кыргызда кашаң деп айтат. Кыбыр, өтө жай жүргөн, өтө жай иштеген аттарга берилген мүнөздөмө. "...Кашаң ат минип жол жүрсөң, Камчылантып карытат" деп кыргыз акындары ырга салган.

Кийинки суроо


Кежир
Басаң
Кашаң

Үртүк деп эмнени айтабыз?

Үртүк — ат жабуунун кооз түрү. Бул аш-тойлордо байгеге чабылуучу белгилүү жорголорду, күлүктөрдү жана каркыралуу көч баштаган кыз-келиндердин мингендерин абдан кооздоо. Үртүктүк жип көбүнчө ичке ийрилет.

Кийинки суроо


Ат жабуу
Аттын көкүлүнө тагылган кооздук
"Көк бөрүдө" аттын тизесине тагылган жумшак кийиз

Төмөнкүлөрдүн кимиси күлүк таптаган адам?

Саяпкер – күлүк, жорго таптоочу адам. Саяпкер атты таптаганда арыгын эттендирип, семизин арыктатып, жем-чөбү менен сууну күндө ченеп берет. Атты улам алыстатып чаап машыктырып, суутуп чыйралтат. Ат тапталып сынга толгондо, ага акырындык менен ат чабуучу баланы көнүктүрөт.

Кийинки суроо


Мүнүшкөр
Саяпкер
Табышкер

Томого деген эмне?

Томого - алгыр куштардын көзүн жаап коюучу тоголок тарткан булгаары бөрк. Кушка туурга отурганда жана ууга чыгарда кийгизилип, аңга саларда башынан алат.

Кийинки суроо


Куш конуучу жай
Куштун башына кийгизилчү буюм
Куштун буту байланган жип

Жылкынын пири Камбар-Ата, төөнүкү Ойсул-Ата, койдун пири ...?

Койдун пири - Чолпон-Ата. Кыргызда иттин пири Кумайык, куштун пири Буудайык, күүнүн пири Камбаркан, кийиктин пири Кайберен деп айтылып келет. Ал эми эчкинин пири - Чычаң-Ата.

Кийинки суроо


Чолпон-Ата
Кочкор-Ата
Зеңги-Баба

Тепши ...?

Тепши - жыгачтан оюп жасалган чарчы идиш. Арча, өрүк, тыт, бака терек жана башка дарактын жыгачынан оюлуп, чарчы же сүйрү формада жасалат. Бүгүнкү күндө дээрлик колдонулбайт. Башкача маанилери - дагара, илеген, чылапчын, таштек, жам, кош кулак жана башкалар.

Кийинки суроо


Кир жууган идиш
Малдарга жем берген идиш
Аттын башына илип жем берген баштык

Көөрүк деген эмне экенин унута элексизби?

Көөрүк - темир усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көөрүктүн жардамы менен көмүрдүн табы күчөйт. Көмүргө көөрүк жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк "кол көөрүк" же "ала көөрүк" деп аталып келет.

Кийинки суроо


Жол жүргөндө кымыз куюлган идиш
Темир устанын чоң балкасы
Темир усталар көмүр үйлөтө турган буюм

Бишкек деген буюмдун милдети эмне?

Бишкек - кымыз бышкан буюм. Бүгүнкү күндө жаштар бул буюм менен Бишкек баатырдын айырмасын билбей жатканын, андыктан борбор шаарга Бишкек баатырдын эстелигин орнотууну парламент депутаттары сунушташты.

Кийинки суроо


Эт майдалоо
Кымыз бышуу
Чөп кыркуу

Сүрөттөгү буюмдун аты?

Соку, сок билек. Кыргыздын байыркы буюмдарынын бири. Анда буудай, арпа өңдүү дан азыктарынын кабыгы данынан ажыратылат. Жыгач идишке данды салып алып, атайын соку менен урат. Бүгүнкү күндө бул буюм дагы дээрлик колдонуудан калды.

Кийинки суроо


Соку, сок билек
Жыгаччын
Дан челек, сокмо

Сөөлөттүү деген сөздүн мааниси кандай?

Сөөлөттүү деген сөз көзгө толумдуу, бараандуу дегенди билдирет. Бул сөздү ыңгайына жараша дөөлөттүү, салтанаттуу, даңазалуу деген сөздөр менен да алмаштырса болот.

Кийинки суроо


Көзгө толумдуу
Ашкере каардуу
Жогорку билимдүү

Туулга жана тулга. Кайсынысы жоокердик баш кийим?

Жоокердин урушка кийген баш кийими - туулга. Аны кылыч, ок жана башкалардан коргонуу үчүн кийишкен. Туулганы темирден жасашып, ичин кийизден ичтеген, сыртына булгаары капташкан. Жаагын, желкесин жаап тургандай кайыш бекитилген. Ээк жагы бүчүлөнгөн.

Кийинки суроо


Тулга
Туулга
Экөөсү тең

Жаргылчак деген эмне?

Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылып алууга болот. Бүгүнкү күндө дээрлик колдонулбайт.

Кийинки суроо


Балтанын бир түрү
Көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу чырак
Кичинекей кол тегирмен

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(44)
21.02.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 бал, үртүк дегенден адаштым
21.02.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 ката 13 туура
21.02.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягында жыйынтык дегенди бассам эле кайра биринчи суроодон башталып калып жатат го админ
21.02.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
60балл:-P
.супер ушундай тесттерди батбаттан берип турсанар.билбегенибизди билип алаткенбиз:-):-)
21.02.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94
21.02.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тест экен экоонун жообун билбей калдым.
21.02.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla,анан канча балл болду?
21.02.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 ката 80 кен.
21.02.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100%
21.02.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94бал
21.02.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл 10 туура жооп
21.02.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 го жеткенден кийин кайра башына отуп кетип жатат.Эми кайра ойносом не честно болуп калат го.Билип алдым да кайсынысы туура эмес экенин.
21.02.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл
21.02.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл
21.02.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
21.02.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 бал
21.02.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
21.02.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл
21.02.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87
21.02.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл
21.02.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87балл)))
21.02.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл болдум
21.02.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
21.02.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 100бал болду.
21.02.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле болдум)) №3 №6 №8 №11 №13 №15 ушул суроолорго жооп бере албадым жыйынтыкта 64 бал болду))
21.02.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчисинде 80балл алып калдым( бир суроого билип туруп адашып басып алдым эле). Экинчисинде бетпактык кылып кайра оттум да (албетте биринчиден кийин баары белгилуу да) баарын туура таап 100балл алдым хи хи!!!
22.02.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааииий силер кыйын билесинерго менде50 эн эле аз бал мендего
22.02.2017. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzygulR,Аамий деген эмнеси? Уялбай жазп берсе болобу ушуну?
22.02.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 bal **
22.02.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл 12 туура 3 ката
13.03.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 балл
08.12.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 упай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: