super.kg logo

"Эйрдизастер" уюму: Боингдин экипажы учакты кондурууда бийиктикти көзөмөлдөгөн эмес

 

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерге кулаган Боинг 747 учагынын экипажы учакты кондуруп жатканда бийиктикти көзөмөлдөгөн эмес. Мындай жыйынтыкка СССРдин курамында болгон мамлекеттердеги авиакырсыктарды иликтеген "Эйрдизастер" уюму келди.

"Учакта жалпы салмагы 85 миң 618 килограмм жүктө түрдүү турмуш-тиричилик электроника буюмдары болгон. "Манас" аэропортунда май толтуруу пландалган болчу. Аэропортко конуу түнү оор табигый шарттар да өтүп жаткан", - деп айтылат маалыматта.

"Боингдин экипажы учакты кондуруу аракетинде бийиктикти көзөмөлдөөнү жүргүзгөн эмес. Мындан улам саатына 370 чакырым ылдамдык менен учуп жаткан учак конууну белгиленген траекториядан 200 метрге жогору жерден баштаган. Экипаж мынтип коопсуз конуу мүмкүн эместигин эске албай койгон. Учак учуп-конуу тилкесинин үстүнөн толук өткөндө, экипаж жердеги белгилерди көрбөгөндүктөн 30 метр бийиктикте кайра айланып конууну чечкен. Бирок учак аэропорттун бетон тосмосун сүзүп, конуштун үстүнө кулап, өрттөнүп кеткен", - деген жыйынтыкка келди аталган уюм.

Айта кетсек, Боинг кырсыгын Мамлекеттер аралык авиация комитетинин алдында түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. Ал окуядан 30 күн өткөн соң алдын ала жыйынтыгын чыгарыш керек экени айтылган. "Кулаган учакты пайдаланган Түркиянын Кырсыктарды иликтөө комитети алдын ала жыйынтыктын долбоору менен таанышууну сурагандыктан, бул документти жарыялоо Түрк тарабы комментарий бергенден кийин жарыяланат", - деп айтылган МАМдын маалыматында.

Боинг кырсыгынан улам "Аэрофлот" дачалык тилкесиндеги 17 үй толук жараксыз абалга келип, 6 үй жабыркаган. Окуя болгон жерден 34 адам каза болгон (алардын 17си жаш балдар). 14 адам жаракат алган, алардын бири 21-январда көз жумган. Экипаждын 3 мүчөсү кырсык болгон учурда каза тапкан, төртүнчүсү ооруканага жеткирилип бара жаткан жеринен көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
21.02.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жалгандын эмне кереги бар. Алдай берип уялбайсыңарбы.
21.02.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайтыш болгондордун уй булосуно сабыр тилеймин, олум ар бир башта бар. Башка эмне айтаарымды да билбейм
21.02.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушуга ким ишенмек эле.Тааак.Ошондо жук кимге тиешелуу болгон???
21.02.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эгер алдап аткан болсо ылайым Аллахым бул дуйнодо ото катту жазанды берсин.Олгондордун арбагы урсун
21.02.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
СНБ жуктун салмагын аз айтты эле,85 тоннадан ашыкча экен го.Жуктун ээси Ким экен эми.
21.02.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Демек кыргызча инструкциясы бар техника буюмдар Туркияга бараткан тура.Тушунуктуу))Олгон пилотторду куноолоп койду.
21.02.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул маалымат жалган просто жуктун ээсин жаап жашырып жатышат.
21.02.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болору болду мындан ары кайталанбаганга аракет кылышсында!! Карапайым элден топтолгон акчаны ошол карапыйм жабыркаган элге эртереек бергиле мындайында калп эле жакында жабыр тарткандар оздору кунолуу экен деп жыйылган акчаны товардын ээсине бердик болбосом биздин мамлекетти дуйнолук сотко берет экен деп жеп салбагыла.Экипаждар жок деп эле олгон адамга шылтоо кыла бербей жуктун ээсин тапсанар жакшы болмок.Кудайым устуртон карап турат ойлонуп иш кылалы туугандар жеп тойбодунорго бироонун ырыскысын
Azatbek83 түзөттү 2017-02-21 15:57:47
21.02.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жерде жук кимге таандык деп жыйынтык чыгарган эмес кантип кулаганын иликтеп жазып жатат. Коментарийчилер Бир аз сабыр кылгыла.
21.02.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kg.arts.,Ооба эмне учун учак кулаган экенин айтканына тушундук.А бирок деген жери бар биротоло жуктун ээсинда табышса жакшы болмок да туурабы?Ушуну менен эле ишти жаап салабы?Айылда бироонун тоогун уурдасын аны соссуз таап мойнуна койуп камайт же акчасын алып коё берип азаматсын жакшы иш кылдын тез тез ушул ишинди жасап бизге келип тур деп койушат.Ошондуктан жуктун ээси табылсын оз жазасын алсын!Карапайым элге гана мыйзам журуп аларга мыйзам жок бекен? Аа алар мыйзам чыгаратта ошон учун оздоруну
Azatbek83 түзөттү 2017-02-21 16:04:50
21.02.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azatbek83,Бул жуктун ээсин табуу Эйрдизастер ге тийешеси жок. Бул жерде ушул компания нын жыйынтыгын чыгарып жатат. А жуктун ээсин укмк, сот дегендер аныктайт.
21.02.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүк Атамбаевге таандык болгон. Түрктөр биринчи бирди сүйлөп андан кийин Путиндин чалуусунан кийин бирди сүйлөп эки жүздүүлүгүн көрсөтүп койду.
21.02.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пилоттор олду куноону ошолорго артты.Эми жуктун ээсин айтса болот.Негизи ушул жук нито болуп жатат,биздикилерден болбосун да кудай сактап.Бизден чыкса бийлик олду Анда.
21.02.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол куну кырсык болгон жерде бардык министрлерди коргондо эле билгем бир иш бар экенин. Ошондо аларда май куюга токтогонуна кайра кайра басым жасашкан.
21.02.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомоктон узундуго. Бул жерде адамдар олуп жатат эй ХХХ! Чындыкты айткыла!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-02-21 17:47:36
21.02.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nur1k, этика нормаларын сактаңыз!
22.02.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкты бир гана Алла таала билет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: