super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-февраль: Гарри Поттер тууралуу тасмаларда Северус Снеггдин ролун аткарып таанылган Алан Рикман туулган

 

Англиялык актёр, режиссёр, "Распутин" сериалындагы башкы ролу үчүн "Эмми" жана "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон, BAFTA сыйлыгынын лауреаты Алан Рикман Лондондо туулган. Алан Рикман алгачкы жолу Брюс Уиллис менен биргеликте "Die Hard" тасмасында тартылып, ал фильм 1988-жылы экранга чыккан. Ал эми 1992-жылы жарыкка чыккан "Робин Гуд: Уурулар ханзаадасы" тасмасындагы аткарган ролу менен Алан терс каармандардын мыкты аткаруучусу экенин далилдей алган. Ал эми эң биринчи оң каармандын ролу 1991-жылы көрсөтүлгөн "Ак ниеттүү, алаңгазар, күчтүү" тасмасында берилген. Алан Рикман 50дөн ашык тасмага тартылган. Эң атактуу ролу "Гарри Поттер" тууралуу тасмаларындагы Северус Снеггдин ролу болгон. Андан сырткары "Дворецкий", "Парфюмерчи: Киши өлтүргүчтүн окуясы", "Тоо падышасы" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

Алан Рикман 2016-жылы 14-январда 69 жашында рак оорусунан Лондондо каза болгон.
Көптөгөн сынчылар анын ийгилигин үнүнүн өзгөчө тембрине байланыштырышкан. Улуу Британияда ал театр актёру жана Падышалык Шекспир компаниясынын мүчөсү катары таанылган.
21-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.02.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун
22.02.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
- После стольких лет?
- Всегда..
lady.girl7997 түзөттү 2017-02-22 02:44:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: