ЖЫЛНААМА, 21-ФЕВРАЛЬ: "Любэ" тобунун жетекчиси Николай Расторгуев 60ка толду
Жубайы Наталья менен


Жубайы Наталья менен

Жубайы Наталья, уулу Николай менен

"Любэ" тобу

Жаш кези


Мындан 60 жыл мурун, 1957-жылы 21-февралда “Любэ” тобунун жетекчиси, Орусиянын эл артисти Николай Расторгуев Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Вячеслав жана Ольга Расторгуевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар эле окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.
Мектепти аяктаган соң Николай жакындарынын берген кеңештерине баш ийип, Москва технологиялык институтунун жеңил өнөр жай тармагына тапшырат. Ошол кезде эле "Алты жаш адам", "Ырларга салам" деген вокалдык аспаптар ансамблдеринде иштеген.
1989-жылдын 14-январында “Любэ” тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көпчүлүктүн көңүл борборунан орун тапкан.
Ал 19 жашында Елена аттуу коңшу кызына үйлөнүп, уулдуу болгон. 15 жыл жашаган соң гастролдо учурдагы жубайы Наталья менен таанышкан. Экөөнүн Николай аттуу уулу бар.
21-февралдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bolotbeck1983

22.02.2017. 00:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам тендуу киши экенсиз. Кооп жашаныз, ден-соодукта болунуз!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.