super.kg logo

Бишкекте "Манас" кинотеатрында "Понт" аталышындагы кинокомедиянын ачылуу аземи болуп өттү

 
Азамат Исмаилов
Бакыт Байсариев
Тасманын режиссёру Кубанычбек Курманбеков
Турдакун Ниязалиев

Бүгүн, 22-февралда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Понт" аталышындагы кинокомедиянын ачылуу аземи болуп өттү. Ага көпчүлүк жаштар, эстрада ырчыларынан Акбар Сүйүнбаев, Арсен, Турдакун Ниязалиев, Бек Исраилов, "тамашоучулар" Санжар Мыкыев, Азамат Исмаилов, Актан Ырыскелдиев ошондой эле шоумен Бакыт Байсариев жубайлары менен келишкен.

"Мен бул кинодон көп нерсени үмүт кылам. Буюрса, кыргыз киносу өнүгүп, сандан сапатка өтүүдө. Бул жолу жубайым менен кинонун аталышына кызыгып, эс алуу максатында ошондой эле кино жаатында эмгектенген өнөр адамдарынын эмгегине күбө болуп кетүү үчүн келдик", - деди шоумен Байсариев.

Режиссёр Кубанычбек Курманбековдун айтымында, комедиялуу тасма эки ай аралыгында тартылып бүткөн. Көпчүлүк учурда кадрлар борбор калаада, ал эми айрым эпизоддору Ысык-Көлдүн жээгинде тартылган. Тасманын жалпы чыгымы 20 миң долларга жеткен.

“Бул менин үчүнчү жолу кино тартышым. Буга чейин “Сулайман султан”, "Бир мешок акча” аттуу кинолорду тарткам. Бул жолу кино жаратуучулар комедиялуу тасма тартып, көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөөнү туура көрдүк”, - деп билдирди "Понт" кинокомедиясынын режиссёру Курманбеков.

Тасмага белгилүү актёр Назым Меңдибаев, Эгемберди Бекболиев, жаш актёрлордон Самат Эркинбеков, Азамат Исмаилов, Эмил Эсеналиев тартылышкан.

Ал эми актёр Азамат Исмаилов фильмге тартылууга сунуш түшүп, дароо макулдугун бергенин айтат.

"Мында жалгыз гана мен башкы каарман эмесмин. Менден башка дагы 4 жигит башкы каармандын образын жаратты. Алгач сунуш түшкөндө чакан эле образ жаратам го деп ойлогом. Кийин сценарий менен таанышып кинонун баштан аягына чейин роль жаратарымды билдим. Бул менин 5-6-жолу роль жаратышым. Буга чейин жараткан образдарым мага жаккан эмес. Бул жолу купулума толду", - деп билдирди Азамат Исмаилов.

Фильмдин мазмуну Европадан алынып келинген 14-кылымдарга таандык кымбат баалуу сүрөт аба майданында алмашып кетет. Ошол эле учурда ал калаада аукционго коюлуп, сүрөт чоң акчага сатылат. Бирок сатып алуучуга сүрөт тийбей аны Алтуга жана Шума аттуу жигиттер издеп жөнөшөт. Кинонун уландысын 23-февралдан тартып, кинотеатрлардан көрө аласыздар.






"Понт" тасмасына атактуулар жубайлары менен келишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
23.02.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 айда кино эмес клипти аран тартып бутушот го.
23.02.2017. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
23.02.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy Kino eken
23.02.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдар коро турган кино да,биздин режиссёрлор качан эле жакшына кино тарканын корбодумго. Мен эч качан биздин азыркы чыккан кинолорду корбоймун дагы коргумда келбейт, дагы 20 мин доллорга тартылган кино экен хахахаа жакшы.
23.02.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Между прочим кече эле суперге жуктолгон Бир мешок акчаны мактап жатып кордунорго,бул дагы Кубанычтын киносу балким андан жакшы чыккандыр,биринчи барып коргулочу анан сын айткыла, силер минте берсенер жаш режиссёрлорго ким дем куч берет, Султан Сулайман Бир мешок акча,кыргыз кинолорунун алдынкысы деп эсептеймин, профессиональдуу Ырыс эженер кандай тартып жатат, салыштырып коргуло, албетте жаштардын киносу соонун чыгып жатат.
24.02.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт токолун эл астына алып чыккан го
Медиа-портал
24.02.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кинону коргуло анан сындагыла БИР МЕШОК АКЧА деген кино жакшы чыыканго бул кинону королу анан баа беребиз
24.02.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дамир Нарматов мн Рустам Аташов Серенада деген киносун 20 мин $ эмес 20 мин сомго да тарпаса керек.Себеби актерлер актрисалар жок тартылган .Вообще комедиясы жок. А бул жаш жигит жакшы кино тартат экен аябай жакты киносу куло берип "Бир мешок акча "деген киносун!!!Мындан кийин да онугот алга! !!
Ayida түзөттү 2017-02-24 02:21:58
Медиа-портал
17.03.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Жоктон бар кылгандар! Ошко,Баткенге да коюп келгиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: