super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-ФЕВРАЛЬ: "Дьявол носит Prada" тасмасы менен белгилүү болгон британиялык актриса Эмили Блант 34 жашка толду

 
"Дьявол носит Prada" тасмасынан кадр
Жолдошу Жон Красински менен

Британиялык актриса Эмили Блант 34 жашка толду. Ал 1983-жылы 23-февралда Лондондо төрөлгөн. Актриса "Дьявол носит Prada", "Моё лето любви" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен. "Дочь Гидеона" тасмасындагы ролу үчүн 2006-жылы "Алтын глобус" сыйлыгына арзыган. Ал эми "Дьявол носит Prada" фильминдеги ролу үчүн 2007-жылы "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына көрсөтүлгөн. 2007-жылы Э.Блант "Война Чарли Уилсона", "Призраки", "Влюбиться в невесту брата" жана "Жизнь по Жейн Остин" фильмдеринде роль жараткан. 2008-жылы "Чистка до блеска", "Великий Бак Ховард"; 2009-жылы "Молодая Виктория", "Путешествия Гулливера" тасмаларына тартылып сыйлыктарга ээ болгон. 2010-жылы "Человек-волк" тасмасында башкы ролдо ойноп, эки жылдан кийин "Петля времени" фантастикалык блокбастерине жана "Рыба моей мечты" аттуу комедияга тартылган. 2014-жылы "Грань будущего" фильминде роль жараткан.

2010-жылы июлда Эмили актёр Жон Красинскиге турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн Хэйзел Грейс Красински жана Вайолет Красински аттуу эки кызы бар.

23-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.02.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эээх ушул кинону суйчум эле эми Prada Milano do иштеп калдым.
23.02.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меняющие реальность деген фильмде дагы тартылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: