super.kg logo

Кыргыз ырчыларын Самаркандда өтүүчү эл аралык музыкалык фестивалга чакырышууда

 

Кыргыз ырчыларын Самаркандда өтүүчү эл аралык музыкалык фестивалга чакырышууда. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлиги кабарлады.

"Шарк тароналари" (Чыгыш күүлөрү) эл аралык музыкалык фестивалдын жетекчилиги Кыргыз өлкөсүнүн профессионалдуу жеке ырчыларды жана чыгармачыл музыкалык топторду фестивалга катышууга чакырууда. Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдүн искусство чеберлери келип, аларга мыкты сахналарда ырдоого мүмкүнчүлүк берилет", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Фестивалдын максаттары улуттук музыкалык жетишкендиктерди жайылтуу, элдердин улуу салттарын сактоо жана өнүктүрүү, эл аралык чыгармачыл байланыштарды жайылтуу, достукту бекемдөө.

Эл аралык транспорттук каражаттарына кеткен чыгымды жиберип жаткан тарап төлөйт, андан тышкарыларын фестивалдын жетекчилиги жабат.

"Фестивалдын жүрүшүндө улуттук ырды мыкты аткаруу жана инструменталдык музыка боюнча сынак өтөт. Ошондой эле катышуучулар үчүн Самарканд шаары боюнча экскурсия уюштурулат", - деп кошумчалашкан министрликтен.

Катышуучуларды эл аралык калыстар баалашат. Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй сыйлыктар каралган:

  • Гран-при 10 миң доллар
  • 1-орун 7 миң доллар
  • 2-орун 5 миң доллар
  • 3-орун 3 миң доллар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
23.02.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыз эли Улуттук Куулорго бай, башкы байгени женип келгиле талант ээлери.
23.02.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жакшы 1 милион сом койуптурда биздикине эсептегенде ийгилик геп акчада эмес кыргызды дуйного танытуу
23.02.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барып келишсин
23.02.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарканд да биздикилерге орун бериши кыйынго.
23.02.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баргыла онор ээлери ийгилик силерге
23.02.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде фонограмма менен таанылган коп ырчылар менин оюумча барышбайтго озбекстанга
24.02.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Омар Кайрат баргыла
24.02.2017. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким барса да татыктуусу барсын да эптеп эле жылдызмын дей бербей! Озуно ишенбесе барбай эле койгон жакшы , уят болгондон коро...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: