Өзбекстандагы химзаводдо жарылуу болуп, бир нече адам каза болду

Өзбекстандагы химзаводдо жарылуу болуп, бир нече адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жарылуу кечээ, 23-февраль күнү саат 16:30 чамасында Фергана шаарындагы "Ферганаазот" заводунда болгон. Кырсык болгон учурда аммиак сакталган цехте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Жарылуунун кесепетинен бир канча адамдын каза болгону айтылууда. Бирок Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар тууралуу расмий билдирүү тарата элек.
"Ферганаазот" жылына 270 миң тонна карбамид жана 350 миң тонна аммиак селитрасын чыгарат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Тартип каттуу!
Биз болсо баарын токпой -чачпай жарыя кылып турабыз