super.kg logo

Финляндияда ашканасы жок ресторан ачып, сынап көрүшүүдө

 

Финляндиянын борбору Хельсинкиде тамак даярдай турган ашканасы жок ресторан ачып, сынап көрүшүүдө. Ресторан "Take In" деп аталат. Бул ресторандын кардарлары өздөрүнө жаккан тамактарды жакынкы башка кафе-ресторандардан буйрутма берип алдырышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Кардарлардын арасында түрдүү адамдар кезигет. Мисалы, 1 кардарга бир ресторандын суюк тамактары жакса, башка бир ресторандын 2-тамагы же десерти жагат. Өзүнө жаккан тамактарды бир жерден жеш үчүн кардар ресторандын кызматкерлерине башка жактардан буйрутма берип алдыртса болот. Көп учурларда жубайлар же достор ашкана тандоодо кайчы пикирлерге кезигишет. Мындай ыңгайсыздыктан качуу үчүн аталган ресторандын кызматкерлери жардамга келишет. "Take In" ресторанында жакынкы 20 кафе-ресторандын менюсу бар", - деп жазат басылмалар.

Ашпозчусу жок бул ресторанда керектүү ичимдик жана суусундуктан башка тамак табуу мүмкүн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
24.02.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии кызыкго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: