ТЕСТ: Желек күнү - Бишкектеги флагштоктун бийиктиги канча?
Бүгүн, 3-март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кабыл алынган күн. Мамлекеттик туунун белгилүү стандарттары, маани-маңызы, колдонуу эрежелери бар. Аларды сиз да билесиз. Билбегениңиз болсо, тесттен өткөндөн кийин көкүрөккө түйүңүз. Ийгилик сизге!
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Бул сөздөрдүн кайсынысы туу дегенге үндөш?
Асаба, байрак... Бирок адистердин арасында асаба деген сөз боюнча талаш жүрөт. Көпчүлүк адистер асаба - туунун синоними экенин айтышса, буга макул эместери да бар. Алар асаба - кездеме эмес, желек кадалган таяк экенин айтып жүрүшөт.
Кийинки суроо
Асаба, байрак
Добулбас, белес
Кандагай, жамак
Өлкөдө акыркы жолу качан аза күтүү жарыяланып, желектер түшүрүлдү?
Акыркы жолу Кыргыз жеринде 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланды. 16-январда Бишкектин четине Боинг учагы кулап, кырсыктан жалпы 39 адам каза тапты. Ондогон адамдар үй-жайсыз калышты.
"Ала-Тоо" аянтындагы флагштоктун бийиктиги 45 метр. Башында анын бийиктиги 18 гана метр болчу. 2009-жылы узартылган.
Кийинки суроо
40 метр
45 метр
35 метр
Тууну тескери илүүгө мыйзамда атайын жаза каралганбы?
Адатта желектеги түндүктү ылдый баш кылып илүү фактылары көп кездешет. Бул жагымсыз көрүнүш боюнча мыйзамда атайын жаза каралган эмес. Тийиштүү мыйзамда: "Тытылган же өңү өчүп калган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин пайдаланууга жол берилбейт" деп жазылган.
Желектин өңүн өзгөртүүнү 2011-жылы Карганбек Самаков сунуштап, мыйзам даярдаган. "Желектин кызыл түсү көп адамдын каны сыяктуу кабыл алынат. Түндүк болсо күндүн нуру менен тегеректелип, ал болсо жалынга окшош, бул өлкө от менен курчалган деген маанини да туюндурат", - деген ал. Бирок демилге колдоо тапкан эмес.
Кийинки суроо
Турсунбай Бакир уулу
Бөдөш Мамырова
Карганбек Самаков
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыздын желеги унаанын оң жагына тагылабы же сол жагынабы?
Сол жагына тагылат. Тийиштүү мыйзамдын 7-беренеси:
... транспорт каражаттарында атайын орнотулган флагштокторго транспорт бараткан багыттын сол тарабына Кыргыз Республикасынын, ал эми оң тарабына - башка мамлекеттин туусу орнотулат...
Кийинки суроо
Сол жагына
Оң жагына
Айырмасы жок
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту качантан бери аскерлер кайтарат?
Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту Улуттук Гвардиянын аскерлери 1998-жылы 16-августунан бери кайтарат.
Кийинки суроо
1998-жыл, 31-августтан бери
1998-жыл, 16-августтан бери
1998-жыл, 3-марттан бери
Кайсы мекемеде мамлекеттик желек дайыма турууга милдеттүү эмес?
Аталган эки мекемеде тең мамлекеттик желек дайыма турууга милдеттүү. Мындан тышкары президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана депутаттарынын, премьер-министрдин, Жогорку соттун төрагасынын, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Акыйкатчынын жана башка мекеме жетекчилеринин иш бөлмөсүндө дайыма орнотулууга милдеттүү.
Кийинки суроо
Айыл өкмөт имараттарында
Борбордук шайлоо комиссиясында
Экөөсүндө тең турууга милдеттүү
Стандарт: Желектин узуну 5 метр болсо, туурасы канча болушу шарт?
"Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга ылайык, туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Демек, узуну 5 метр болсо, туурасы 3 метр болушу керек. Бирок бул норма дайыма эле сактала бербейт.
Кийинки суроо
Туурасы 3 метр болушу керек
Туурасы 4 метр болушу керек
Туурасы 2,5 метр болушу керек
Өлкөдө эң бийик флагшток кайсы жерде?
Эң бийик флагшток Бишкектин четинде, Орто-Сай айылындагы Боз-Бөлтөк тоосуна 2012-жылы орнотулган. Бийиктиги 75 метрди түзүп, желектин узуну 35, туурасы 20 метр. Флагшток жайгашкан жерден Бишкек алаканга салгандай көрүнүп турат.
Кийинки суроо
Ош шаарынын борбордук аянтында
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында
Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында
Авторлордун айтымында, желектеги кызыл түс...
Желекти иштеп чыккан топтун маалыматына таянсак, кызыл түс эрдикти жана тайманбастыктын символу. Бирок желектин кызыл түсүн "кандын түсү" деп коомчулукта, белгилүү адамдардын арасында жактырбай сындап жүргөндөр да бар.
Кийинки суроо
Эрдик жана тайманбастыкты билдирет
Байлык жана казынаны билдирет
Достуктукка бекемдикти билдирет
Стандарт: желекте күн нурунун саны канча болушу керек?
Мамлекеттик резиденцияда сакталган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин так эталонуна ылайык, күндүн нурунун саны 40 болушу керек. Авторлордун айтымында, 40 саны 40 уруудан куралган кыргыз дегенди түшүндүрөт.
Кийинки суроо
50
40
44
Президент өөп жаткан...?
2011-жыл, 1-декабрь. Кызматка жаңыдан киришкен Алмазбек Атамбаев президенттик штандартты өөп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) - Кыргыз Республикасындагы президенттик бийликтин эн белгиси жана символу.
Кийинки суроо
... мамлекеттик желектин оригиналы
... Куралдуу күчтөрдүн желеги
... президенттин штандарты
Мамлекеттик желекке канча киши автор?
Желектин авторлору 5 киши. Алар:
Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. Булардын айрымдарынын көзү өтүп кеткен.
Кийинки суроо
5 киши
3 киши
4 киши
Кыргыз Республикасынын туусу качан кабыл алынган?
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Эгемендүү Кыргыздын желегине бүгүн 25 жыл толду.
Кийинки суроо
1991-жылы
1992-жылы
1993-жылы
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
8 туура болсо 7 ката болот. Экобуз бирдей экен.
Бывает брат